Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

"Ооба, мен баскынчымын". Туткундан кутулуп, кайра согушка


Украинадагы согуштун катышуучусу Виктор Масягин.
Украинадагы согуштун катышуучусу Виктор Масягин.

Орусия Украинага жапырт бастырып киргенден бери туткунга түшкөн эки миңге жакын аскер кызматкерин алмаштырды. Алардын көпчүлүгү өз ыктыяры менен кайрадан согушка барууга каршы эмес, айрымдары орус бийлиги “атайын аскердик операция” атаган согуш аяктаганга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги узарткан келишимди аткарат.

Украинанын түрмөлөрүндө отуруп чыккан орусиялык бир нече аскер кызматкери андагы шарт-жагдай кандай болгонун жана эмне үчүн кайрадан фронтко бармакчы болгонун “Север.Реалии” сайтына айтып беришти.

Виктор Масягин – Ленинград облусунун Гатчина шаарына жакын жайгашкан Элизаветинодон келген 43 жаштагы кесипкөй аскер кызматкери. Элизабет Трубецкаянын короо-багынын атына карай ушундай аталып калган бул кыштакта үч миң адам жашайт, айыл чарба-өнөр жай техникуму бар, анда негизинен ошол чөлкөмдөгү айылдардан келген жергиликтүү тургундар окушат.

Масягин бул окуу жайды 90-жылдары бүтүргөн, бирок агроном болуп иштегиси келген эмес. Армияда кызмат өтөгөндөн кийин, Псковдогу Десанттык чабуул дивизиясы менен келишим түзгөн. Ал Экинчи чечен согушуна, ошондой эле 2008-жылы Грузиядагы согушка катышкан (аны өзү Түштүк Осетиядагы "Грузияны тынчтыкка мажбурлоо операциясы" деп атайт).

(2008-жылы Грузия менен болгон "беш күндүк согуштан" кийин Орусия өз аскерлерин Түштүк Осетияга жана Абхазияга жайгаштырып, аларды көз карандысыз деп тааныган. Грузия Орусияны Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарын басып алуу менен өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузду деп эсептейт – “СР”).

2014-жылдан бери ал аскердик наамы жок болсо да жеке аскердик компаниялардын курамында Украинадагы аскердик кагылышууларга катышып келет.

"Өлтүрсө өлтүрүшсүн"

"Мен согушка көнүп калдым. Андагы адамдар да башка, мамиле, түшүнүктөр да башкача. Мен ар кандай согуштан үйгө кайтып келгенде бир ай араң чыдайм, анан кайра кетем. Бул жакта адамдар башкача сүйлөшөт, тамеки талашып мушташууга чейин жеткендер бар. Бизде андай жосун жок. “Жай турмушта кандай жашап жатасыңар, балдар?” дейм. Балким, жаңылып жаткандырмын, бирок мен аларды түшүнбөйм", – деп айтты Масягин “Север.Реалии” кабарчысына.

Масягин Украинада "Славянскиден тартып эле” согушка кирген. Согушка тогуз жыл мурун “элдик кошуун” (“Донбас элдик кошууну” тобу) менен баргам дейт.

2014-жылы 12-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Игорь Стрелковдун (Гиркиндин) жетекчилиги астында ал топ Украинанын Донецк аймагындагы Славянск шаарынын административдик имараттарын басып алып, "Донецк Эл Республикасы" деп аталган аймакты Орусиянын курамына кошуу жөнүндө референдум өткөрүүнү талап кылды. Эртеси Киевдин бийлиги шаарда "антитеррордук операция" жүргүзүлүп жаткандыгын жарыялап, үч айдан кийин аны өз көзөмөлүнө кайтарып алган.

2022-жылы июль айынын аягында "Ардагерлер" жалданма батальону менен бирге Масягин кайрадан Украинага жөнөп кеткен. Анын отряды эки жумадан кийин Харьков облусунун Изюм районунда аткылоого кабылды. Виктор туткунга түшөт. ЖМКлардын маалыматына караганда, сентябрь айында "Ардагерлер" Купянск шаарынан чыгып кеткен. Ал эми салгылашуулар Белгород облусуна чектеш жерге жылды.

“Ардагерлер” аталган мото-аткыч бригадасы (ӨМАБ) деген эмне?
"Ардагерлер" жалданма батальону 2014-жылы уюштурулган. Ошондо анын командирлеринин катарында Ухтанын тургуну, "Моторола" каймана ысымы бар Арсен Павлов, ошондой эле осетиялык коомдук ишмер Олег Мамиев (Мамай) бар эле. 2022-жылы аман калган командирлер "Орусия Федерациясына жана Президентке жардам берүү" жана "Донецк Эл Республикасына кайра кошулуу" үчүн биригишкен дейт “Ваши новости” басылмасына берген маегинде ӨМАБдын “Морпех” шарттуу аты бар жетекчиси. Согуштун бардык максаттарын атап бере албай, ал "саясий жактан алсызмын" деп койду.
Орусия Федерациясынын Жазык кодексинин 359-беренесине ылайык, куралдуу чыр-чатакка киши жалдагандар 18 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Согушка катышкандыгы үчүн жалданма адам 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошентсе да Орусия Украинага басып киргенден бери дайымкы эмес куралдуу күчтөрдү кеңири колдонулуп келет. Алардын катарына ыктыярдуу отряддар, “ири орус компаниясы каржылаган” аймактардан келген “БАРС” отряды, Z чабуул отряддары жана "Вагнер” жеке менчик аскер компаниясы (ЖАК) бар. "Вагнер” ЖАК жана чабуул отряддарына ыктыярчылар менен аскер кызматкерлеринен тышкары, Орусиянын түрмөлөрүнөн жалданган он миңдеген кишилер да кошулуп калды.


"Бизде 42 кишиден бешөө аман калды. Беш ок тийген соң баса албай калганымда, жигиттер мени таштап кетишти. Дарактын артына сойлоп өттүм. Жаткан бойдон гранатанын шакегин сууруп алдым, туткунга түшүп калбоо үчүн өзүмдү-өзүм жардырмакчы болдум. Анан тыңшасам, бир топ киши келатат, биздикилер деп ойлодум. Мен өзүмдү жардырбадым. Кайратым жетпеди. Гранатаны бердим, алар ыргытып жиберишти эле, ошол обочо жерде жарылды. Анан кундак менен койгулап, таманыма атышты. Бронетранспортёрго ыргытып, кайсы бир штабга алып барышты. Андан кийин төрт кабыргамды сындырышты (сыныгы өпкөмө сайылып калды). Жаагым да сынды. Алар офицерлердин ысымдарын, купуя аттарын, аскер бөлүгүнүн номурун айт деп кыйнашты. Мен такыр эч нерсе айткан жокмун. Тергөө изоляторуна камашты: алгач Днепропетровск шаарында бир ай турдум, андан кийин Киевге которушту. Мени Украинанын Тергөө башкармалыгы, Тергөө комитети, прокурор суракка алды. Алар: "Бул жакка кайтып келбе эми, болбосо өмүр бою эркиңден ажырайсың же атыласың" дешти. Мага беш берене боюнча айып тагышкан эле: чек араны курал-жаракчан, мыйзамсыз кесип өтүү, украин элин эзүү, киши өлтүрүү жана башка нерселер, эсимде жок", – деп баяндады Масягин.

Виктор Масягин согушта.
Виктор Масягин согушта.

Ал биринчи жолу туткунга түшүп чыкты. Анын айтымында, Украинанын тергөө изоляторунда камакта болуу шарттары "кадимкидей" - кош кабат тогуз керебеттүү камера, жуунучу жайы бар, жумасына бир жолу таза шейшептерди алмаштырышат, күнүнө үч маал тамак, негизинен жүгөрү ботко беришет. Ар бир туткунга самын, шампунь жана тиш пастасы коюлган комплекттер берилет. Бир гана жери – тамак ысыгында берилбейт.

Донецк аймагындагы “Артемсоль” ишканасы Украинанын тузга болгон муктаждыгынын 90% камсыз кылган Соледар шаары басып алынгандан кийин орус туткундары тузсуз тамактанып калды дешет мурдагы туткундар “Север.Реалииге”.

"Ар кайсы түрмөлөрдөн келген балдар баары даттанышчу. Мен Днепропетровск шаарында отурдум, анда деле ошондой. Мен биринчи медпунктта жараат таңдырууга барып жүрүп өмүр бою түрмөдө отурган "мыйзамдагы ууру" атыккан киши менен таанышып алдым. Ал камерага жарым кило туз, тамеки алдырды. Ботко болсо да тамак берилип турду... Жашоомдо биринчи жолу жүгөрү боткосун жеп көрдүм. Эмнесин айтасыӊ, ошо да. Жүгөрүнү көргүм келбей калды", - дейт Виктор.

2022-жылы сентябрда “Ардагердин” өкүлдөрү Масягинди согушта курман болду деп ата-энесине жана 17 жаштагы уулуна кабарлашкан. Достору үйдүн кире беришинде стол жайып, тажиясын өткөрүптүр.

"Баары мени өлдү деп ойлошкон экен. Анан Кызыл Чырымдан түрмөгө келип, ата-энемдин телефон номурун алышты. Аларды чакырып, тирүү экенимди, туткунда жүргөндүгүмдү айтышыптыр, – деп эскерет Виктор. – Туткун алмаштыруу үчүн Киевден Сумиге алып барганда, үчөөбүз чогуу тамактандык: эт жана көк чөп кошулган майлуу шорпо (борщ) – баары үйдөгүдөй. Сакчылар бизден "кайда баратканыңарды билесиңерби" деп сурашты. "Албетте" дедик. Анан кууланып: "Балким, атууга алып баратабыз" дешти. Биз алмашууга бара жатканыбызды билген элек".

Киевдеги тергөө абагында Масягин украиналык журналист Владимир Золкин менен таанышкан. Жарадар колу ийинине асылып таңылган Масягин сүйлөгөн видео кичинекей кепеде тартылган. Ийнине беш миллиметрлик ок тийген экен, аны түрмөдөгү медпунктта сууруп алуу мүмкүн эмес болчу. Масягин карыздан кутулуу үчүн согушка барганын Владимир Золкинге айтып берет. Кабарчынын Орусия эмне үчүн Украинадагы согушту баштады деген суроосуна Масягин "мен билбейм" деп жооп берген.

"Теледен бизди Украина өзөктүк курал менен коркутуп жатат, ал жактагы орус тилдүүлөрдү кырып жатышат деп айтышчу. Азыр бул жакта көпчүлүк адамдар орус тилинде эркин сүйлөп жүрөрүн байкадым”, - деп өз оюн айткан туткун.

Масягин 2022-жылы 1-декабрда 50 туткун менен бирге Орусияга кайтып келген. Алардын катарында, офицер Очир Зунгуев болгон. Ал 2022-жылы март айында Украинадан аскерге "жаңылыш" жиберилгендерди алып кетүү үчүн барган. Бул ирет алмашылгандардын ичинде 21 жаштагы Илья Самойленкону өлтүргөнү үчүн кесилип, алты жыл Тверь колониясында түрмөдө отургандан кийин Украинада согушка катышуу үчүн бошотулган Антон Иконников да бар эле.

"Москвадагы штаб-квартирада" Масягинге жаракат алгандыгы жана туткунга түшкөндүгү үчүн 4 миллион рубль төлөп беришти. Ал ошол замат батир сатып алып, эмерегин да койдурду. Тааныштарынын жардамы менен Подольск шаарындагы аскер госпиталында колундагы окту алдырды. Үч ай туткунда болуп келгенине карабастан, Масягин фронтко кайра чакырууну күтүп отурат.

“Согушка көнүп калыпмын”,- деди ал “Север.Реалииге”.

"Менде Кызыл Чырымдын “Москвада операцияңызды жасай алабыз" деген кагазы бар, бирок Подольск шаарында генерал-лейтенант өзү окту сууруп алды. Азыр колум дээрлик сакайып калды, эми согушка чакырууну эле күтүп отурам. Аскердик кийим да сатып алдым. Мен ушундай жашоого көнүп калыпмын. Туугандарым да эчак эле тынчып калышты, “кеп жебейт” деп.
Баарын көрдүм, баштан кечирдим. Өлүмдөн да коркпой калдым. Өлтүрсө өлтүрүшсүн. Дүйнөдө согуш токтоп калбайт, мага ишенип койгула. Бул жерде абдан көп акча жүгүртүлүп жатат, – дейт Масягин. – Мен жеке кишимин. Соңку кезде “Вагнер” ЖАКына эле барып жүрөм. Коргоо министрлигин унутуп деле койдум. Алар менен иштешкенден пайда жок деп балдар нааразы. Мисалы, бир таанышыма бир дагы айда акысын төлөшкөн эмес. ЖАКта муну жөнгө салып коюшкан".

Ачык маалыматтарга караганда, 2022-жылдын февралында Украинага жапырт бастырып киргенден бери 1800гө жакын согуш туткуну Орусияга кайтып келген. Украин бийлиги эки миңден ашык жараны бошотулганын билдирүүдө. Москва да, Киев дагы өздөрүнөн канча киши туткунда экендиги жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин маалыматы боюнча, бүгүн эки тараптын түрмөлөрүндө бир нече миңден киши отурат.

"Бул согушта сага балээ барбы дешет"

2022-жылы март айында Нижневартовск шаарынан келген 47 жаштагы мунайчы Дмитрий Кузнецов алкоголь ичимдиктерине көз каранды адамдарды айыктыруучу борбордон чыгып кеткен. Аялы менен чатакташкан соң, аскерге чакыруу бөлүмүнө барып, Орусиянын куралдуу күчтөрү менен үч айлык келишим түзгөн.

"Аялым менен чырдашып калганыма байланыштуу ушул туңгуюкка кептелдим. Ачыгын айтсам, тегерегимдеги чөйрөмдү бүт бойдон жок кылууну чечтим. 200 миңдей маянам бар болчу (согушка катышканга чейин – “Север.Реалии”). Кийин ФКБ жана Украинанын коопсуздук кызматындагылар мага “бул согушта сага балээ барбы, келесоо” дешти", - деп даттанды ал маегинде.

Дмитрий Кузнецов.
Дмитрий Кузнецов.

Кузнецов аскер бөлүгүнө жана машыгуу лагерине барбай эле Украинага түз жөнөтүлгөн. Ал кандайча туткунга түшкөнүн айтпайт, анткени маалыматты ачыкка чыгарбайм деп кол коюп берген.

Адегенде ал Одессадагы тергөө жайына камалат. Башка көптөгөн туткундар сыяктуу эле, бир айдан кийин ал Киевге жөнөтүлдү. Киевдеги тергөө изоляторунда отурган Дмитрий Кузнецовдун журналист Владимир Золкинге берген маеги Ютубга жарыяланган.

Владимир Золкинге берген маегинен:

- Мен Украинага келдим, туурабы? "Өлтүрүшөт" дейт... Бирок бул түшүнүк кайдан келип чыккан? Бир адам армияга келди дейли. Мисалы, мен 255-полкко катталган болсом, Украинага өлтүрүү, зордуктоо, тоноо үчүн эмнеге бардым? Бул түшүнүк кайдан келип чыккан?,– деп сурады Кузнецов Золкинден.

- Албетте, сиз “гүл эгүү” үчүн келгенсиз. Андай болсо автоматты эмне кыласыз?, – деп Золкин кайчы суроо берди.

- Мен аскер кызматындамын, - деп жооп кайтарды Кузнецов.

Дайынсыз жоголгон аскер кишинин туугандары алты айдан кийин видеону көрүп, анын тирүү экендигин билиптир. Кузнецов журналистке да, Кызыл Чырымга да туугандарынын телефон номерин берген эмесмин дейт.

"...Дайынсыз жок болгондор (Абактагылардын арасында – “СР”) канча экендигин билесиңби? Мисалы, мен эч кимге телефонумду берген жокмун. Мен ушул Золкинди кармап алсам деген кыялым бар [майып кылып салгым келет]. Маек бир саатка жакын созулган эле. Сөз мындай башталган болчу: Украинага кайсы балээни издеп келдиң? Мен “2014-жылдагы Одесса үчүн” дедим (2014-жылдын 2-майында Одесса шаарында Евромайдандын жактоочулары менен орусиячыл активисттердин ортосунда чоң кагылышуулар болгон. Профсоюздар үйүндө өрт чыккан. 48 адам өлгөн. – "СР"). Анан ал мага: "Мен деле болгом ал жерде" деди. Анан футбол жөнүндө, орус күйөрмандары жөнүндө сөз кылды. Андан соң: "Өзүңдү баскынчы деп эсептейсиңби?" деп сурады. Мен: "Ооба" дедим. Эмнесин жашырам? Ооба, мен баскынчымын, мени ал жерде эч ким күткөн эмес. Биз курал менен келдик. Бирок мен чоң ата-чоң энелерди сабаган жокмун да. Бетме-бет кездештик: алардын эркектери бизге, эркектерге каршы турушту. Ал жерде мага каршы чоң энелер согушкан жок. Чынын айтсам, бул аймактын мага эмне кереги бар? Мен ал үчүн согушканы барган эмесмин. "ЛЭР" (Луганск элдик республикасы), "ДЭР" (Донецк элдик республикасы) үчүн гана баргам. Аскерлерибиз Николаевге, Харьковго чейин жетти. Бул биздин аймак эмес, эмне үчүн биз ал жакка жулунуп бардык? Сен муну Песковдон сурачы. Мен *** кайдан билем?", – дейт Кузнецов.

Украиналык журналист менен чырдашып калганына карабастан, Кузнецов ошол видеонун аркасында алтымыш чакты туткун менен бирге 2023-жылдын февраль айынын башында алмашуу тизмесине кирип калганмын дейт.

"4-февралда бизди алмаштырышты, андан кийин бул жакта (Орусияда – “СР”) мени кимдер гана суракка алган жок. Үйгө 18инде келдим. Ошондо деле мага полкто жашашым керектигин айтышты. Мен ал жерде турбайм дедим. Казармада чайнек да, телевизор да жок, дааратканасы балит. “Вагнерге” кетсем жакшы болмок, андай мындай башаламандык жок", - дейт Кузнецов.

Кузнецовдун келишими 2022-жылы 2-сентябрда, ал туткунда жүргөндө аяктаган. Орусияга кайтып келгенде, ал документ "атайын аскердик операция аяктаганга чейин" узартылганын билди.

2022-жылы сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык кызматтагы аскер, резервисттер жана ыктыярчылардын келишимдери мобилизациянын аягына чейин узартылат. Мобилизация убагында армиядан бир нече себептерге, анын ичинен ден соолук абалына байланыштуу бошонууга болот. Башка учурларда бардык келишимдер өлкөдөгү мобилизациянын аягына чейин күчүндө болот.

"Мен биринчи келишимди өз көзүм менен көргөн жокмун. Ошол жакта отурганымда, алар менин келишимимди узартып коюшту. Менин ал жакта тааныш адвокатым бар, азыр ушул маселе менен алектенип жатат. Мени комиссариаттан аскердик бөлүккө эмес, түз эле Украинага жөнөтүштү. Өзүмдүн аскердик бөлүгүмдү Орусияга кайтып келгенде көрдүм. Мен даттанбадым, кыңкылдаган жокмун, кайтып келгенде да ыйлактабадым. Анкетада: "Мындан ары да катышууга макулсузбу?" деген суроо бар. Мен (келишим түзүп жатып) ооба, макулмун деп жаздым. Чындыгында, мен Коргоо министрлигине кызмат кылгым келбейт, анда баары башаламан. “Вагнерге” эле кетип калганым жакшы", - дейт ал.

Орусияга кайтып келгенден кийин аны Коргоо министрлиги Анападагы ооруканада жаткырып айыктырган.

"Жети ай түрмөдө отура берип тажадым. Ал жерде жабыктырып ийишет. Жападан жалгыз телеканалдан дайым эле Орусияда баары жаман дей беришет. Нервиңе абдан таасир этет. Үйгө келдим, жети күн былк этпей дубалга чекемди такап жаттым. Уйкум келбейт, арак ичкенде уктайм. Бир сааттай уктап, анан ойгонуп кетем. Туткундан кийин психикаң катуу сынат. Согуштан кийин деле. Биринчиден, адамды атып салганда эч бооруң оорубайт. Ал ким? Ооба, эч ким эмес. Бирок мышыкты аяйсың. Менин беш мышыгым бар, таштандыдан чогулткам. Кудайдан эмне үчүн ушундай болуп жатканын сураш керек. Психологдонбу? Эркек кишиге эркек бир нерсе айтабы? Койчу, мага кереги жок. Сен "жашыруун алкоголиктердин 12 кадамын" билесиңби( (20-кылымдын ортосунда АКШда түзүлгөн алкоголго көз каранды адамдарды кайрадан багыттоо программасы – “СР”). Ар нерсени жаза беришкен, андан көрө сезимдер жөнүндө жазыш керек. Эртең мененки саат 6да ойгоном, эч ким жок, "тапикти" (телефон) “согуп” кетишкен. Оор сезимдер басмырлайт мени: чыккынчылык, энесин урайын. Кыжырым келет... Согушка эле кетем го", – деп улантат ал сөзүн.

Дмитрийдин аялы акыры ажырашууга арыз бериптир. Кузнецовдун айтымында, буга чейин Белгород аймагында "аны кабыл алууга даяр" дагы бир аял табылыптыр. Эгерде адвокаттар согушка кайтып баруу жөнүндөгү келишимди жокко чыгарууга жетишсе, анда ошол аялга барат. Болбосо кайрадан фронтко аттанат.

Тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышты

Башка мурдагы туткундар дагы “Север.Реалииге” келишим “атайын аскердик операциянын" аягына чейин узартылып жатканын айтышты.

Самара облусунан келген Владимир Кузин чабуулчу роталардын бири менен Украинага жөнөдү. Орусиянын бийлиги түзгөн бул роталардын курамына чалгынчылар, дрон операторлору жана чабуулчу роталар кирет. Жалпысынан бир ротада 100гө жакын адам болушу мүмкүн.

"Бизде 21-чабуул ротасы куралган - экөө Самарадан жана дагы экөө биздин облустан. Калгандары Пенза, Ямал, Екатеринбургдан. Самаралык экөө каза болуп, Чапаевскиден бир киши дайынсыз жоголду. Мен туткунга түштүм. Биздин 15 кишиден турган топ эки танкка, бронетранспортерго жана эки пулеметке каршы салгылашты. Ямалдан келген жигит экөөбүз гана тирүү калдык. Биз согушуп жатканда, 20 кишиден турган рота командири бак аралай качып кетиптир. Эми сиз бийликтин “атайын аскердик операциясы” аяктаганга чейин биз жай турмушта деле согушка байланып турганыбыз жөнүндө сурайсыз го. Иш сапар жана суткалык чыгым акысын төлөп беришпеди. Каралган эмес дешет. Биз тим эле курал-жаракты уруксатсыз алып эле атышууга кете бергенсип", – деп Кузин ачууланды.

Ал өз ыктыяры менен согушка барган соң андан ары кызмат өтөй берүү же токтотуу керек экенин өзүм чечүүгө укугум бар болууга тийиш дейт.

"Мен жана башка көптөгөн адамдар бул тандоо укугубуздан айрылып калдык. Азыр мен армияга да, башкы кол башчыга да ишенбейм", - дейт ал.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын Президенти Владимир Путин Украинага аскерлер киргизилгенин жарыялаган. Ошондон үч күн мурун Орусиянын бийлиги 2014-жылдан бери сепаратисттердин жана аскерий активисттердин көзөмөлүндө болгон Луганск жана Донецк элдик республикалары деп аталган украин аймактарын көз карандысыз деп тааныган эле. Владимир Путин орус тилдүү калкты коргоо, Украинаны "денацификациялоо жана демилитаризациялоо" үчүн согуштук аракеттер зарыл болду деп менен түшүндүргөн.

Расмий түрдө Орусиянын бийлиги Украинада согуш эмес, "атайын аскердик операция" жүрүп жатат деп келет. 2022-жылдын март айында Мамлекеттик Дума Орусиянын армиясына карата "дискредитациялоо" жана "фейктер" жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып, Коргоо министрлигинин жана Кремлдин расмий позициясына карама-каршы келген маалыматтарды жарыялоого цензураны киргизген. Согушка каршы билдирүүлөр үчүн айып пулдан түрмөгө чейинки ар кандай жазалар каралган.

Украина жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бул окуяларды согуш деп аташат. Украинада согуш абалы киргизилген. 2022-жылы мартта БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусиядан Украинадан аскерлерин тезинен чыгарып кетүүнү талап кылды.

“Север.Реалии” сайты жарыялаган Юлия Куликованын макаласы. ​Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG