Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

“Акчаны бербей, кордошту”. Украинада окоп казган мигранттар


"АБЗ Белый Раст" компаниясы борборазиялык эмгек мигранттарын Орусия оккупациялаган Украинанын аймактарына окоп казуу үчүн жалдаганын "Система" долбоору ("Настоящее время" телеканалы жана "Свобода" радиосунун атайын иликтөө долбоору) аныктады.

Мигранттар жумуш бүткөндөн кийин убада кылынган айлык акы төлөнбөй калганын айтууда. Бирок аларды алып барган компания бул айыптоолорду четке кагып жатат.

Быйыл январда 27 жаштагы тажикстандык мигрант Нурулло (ысымы өзгөртүлгөн) 35 мекендеши менен Запорожье облусунда бир ай иштеп келген. Аларды Москва районундагы "АБЗ Белий Раст" ишканасынын өнөктөшү Евгений Коноплев курулуш иштерин бүтүрүү үчүн жалдаган.

Нурулло башында турган мигранттар жер тоңгон мезгилде окопторду казганга, блиндаждарды курууга жалданат. Ар бир чакырым окоп үчүн 800 миң рублдан убадаланган. Бирок иш жасалып бүткөндө аларды жөнөткөн компания 600 миң рубль гана төлөгөн.

"Траншеяны техника казат, биз болсо колубуз менен иштедик. Аскерлер жана курал-жарак кампалар үчүн атайын жайларды курдук. Ошондой эле согуш жүргүзүүгө керектүү бардык калкалоочу жайларды салдык. Токмактан бир аз алыс эмес жайгашкан Каменка деген жерде иштедик. Бизди качкындардын үйлөрүндө жайгаштырышты", - деди тажикстандык Нурулло.

Ал ошондой эле мигранттар экинчи линияда иштегенин, биринчи линияда согуш жүрүп жатканын, бир окоптун узундугу бир километрге чейин жеткенин, аны казыш үчүн бир айдай убакыт талап кылынарын айтып берди.

Ошентип мигранттар жер казууну токтотуп, Москвага кайтууну чечишкен. Бирок Нуруллонун айтымында, алардын айрымдары акчанын жоктугунан Запарожьеден чыга албай, дагы эле маяналарын күтүп жатат.

"Убада кылган акчаны төлөбөй коюшту..."

Москвага кайткан тажикстандык мигранттар полицияга арыз менен кайрылган.

"Убадаланган каражатты төлөбөй коюшкандан кийин мигранттар ишти токтотту. Ал жакта 200гө чукул киши иштеген болчу. Компания баарына 40-50 миңден карыз болуп калды. Мен полицияга кайрылгым келген эмес. Мага бригададан эки-үч киши келип, алар менен чогуу полицияга барып, арыз жазуумду талап кылышты. Запорожьеде жалаң гана аскер кызматкерлери турат. Каалаганын кылышат. Атып салат, жарып салат, көмүп салат. Оюна келгенин кылат. Ал жакта полиция жок".

Тажикстандык мигранттардын полицияга арызы расмий катталган. Муну иликтөөчүлөргө ишенимдүү булактар тастыктаган. Ал эми арыз жазган үч мигрант куугунтукка кабылганын айтып берди.

"Москвада полицияга кайрылгандан кийин үчөөбүздү бул жакта кармап, суракка алышты. "Запорожье облусуна эмнеге бардыңар, эмне кылдыңар?" деп сурашты. Башка адамдар тууралуу да сурашты. Ал жакка Тажикстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан мигранттар эмнеге баратканын билбей тургансып суракка алышты. "Ал жакка барганыңар үчүн өмүр бою абакка кесилериңер тууралуу билесиңерби?" дешти. Биз ал жакта согушкан жокпуз, иштедик деп айттык. Маңдайыбызга жазылганын көрөрбүз. Баштан өткөн окуялардан кийин ал жакка кайра барайын деген деле ой жок. Ал жакта адилеттүүлүк жок. Алдашат, сөзүнө турбайт", - дейт Нурулло.

Орусиянын Ички иштер министрлиги менен Москванын прокуратурасы “Система” долбоорунун суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. Бирок ишенимдүү булактын айтымында, Нурулло жана анын кесиптештери "миграция мыйзамдарын бузганы үчүн" текшерүүгө алынган.

Москва полициясы эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Мигранттар Орусияда мыйзамдуу түрдө жашап жүрүшкөн.

Окупацияланган аймакта иштөө - мыйзамсыз

"АБЗ Белый Раст" компаниясынын ээлеринин бири Евгений Коноплев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Бирок ал жалдаган мигранттар Запорожьеде иштегенин жашырган эмес. Компания жетекчилерине жакын булактар бул иште бригадирлер күнөөлүү экенин айтууда.

"Биздин ишканага өтө жаман мамиле кылышты. Абийирсиз адамдар, бригадирлер өз кишилерин орто жолго таштап кетишти. Анан алар ишке алган ишканадан акча талап кылышат. Биз мындай окуяга эки жолу кептелдик. Мындай адамдардан араң кутулдук", - дейт ишенимдүү булак.

Башкача айтканда, ишкана жетекчилигинин айтымында, алар акчаны толук төлөп беришкен, бирок Нурулло баш болгон бригадирлер жумушчуларга акчаны беришкен эмес. Нурулло болсо мындай дооматтар курулай жалган экенин айтууда.

Орусиядагы чет өлкөлүк мигранттардын окупацияланган аймактарга барып иштөөсү мыйзамсыз. Украина мындай аракетти "орус армиясы менен кызматташуу" деп эспетейт.

“АБЗ Белый Раст” ишканасы негизинен жол куруу жана бетон, асфальт, кирпич сыяктуу керектүү курулуш материалдарын ташуу менен алектенет.

Негизги мамлекеттик өнөктөшү - Москванын жолдорун башкарган жана тейлеген "Мосавтодор" ишканасы. Акыркы беш жылда "АБЗ Белий Раст" ишканасы бюджеттик мекеме менен 1,5 миллиард рублдан ашык суммага ондогон келишимдерди түзгөн. Аталган компания жолдорду жана тротуарларды оңдоп түзөйт. 2022-жылы Москва облусунун башчысы Андрей Воробьев бул компаниянын кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирген.

Түзүлгөн келишимдердин арасында Орусия басып алган аймактарга байланыштуу келишим жок. BBCнин орус кызматынын маалыматы боюнча, бул компания Украина тараптан чабуул болгондо оор техниканын илгерилешин токтотууга тийиш болгон "ажыдаардын тиштери" деп аталган бетон комплекстерин согуш талаасына алып келген.

Орус армиясы былтыр күздөн бери окупацияланган аймактарды коргонууга даярданып жатышат. Спутниктен алынган сүрөттөрдө, траншеялар Херсондон Клинцыга чейинки дээрлик бүт байланыш линиясын курчайт.

Нуруллонун бригадасы иштеген Запорожьедеги траншеяларды рекорддук деп атоого болот. Жакында эле спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу траншеянын узундугу 70 чакырым, Приморский районунун Мариновка айылынан башталып, Мелитополь шаарынан 9 чакырым алыстыкка чейин созулат.

"Окупацияны даярдоого катышкан"

Украиналык юрист Павел Лисянский "Система" долбооруна берген маегинде, Нурулло баш болгон мигранттарга жасаган иштери үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин эскертет.

"Эгерде жумушчу ал жакта окоп казса, демек ал оккупацияга даярдыкка жана аскердик кыймыл аракеттерге катышкан. Бул "билип туруп кылмышка баруу, же болбосо мыйзамсыз куралдуу түзүмдөргө катышуу" деп мүнөздөлөт. Кандай болгон күндө да эгерде ал адам Украинанын куралдуу күчтөрүнө колго түшсө, оор кылмыштын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылышы толук мүмкүн. Эгерде анын ким экени аныкталса, ал жакта болгону маалым болсо, бул кеминде дегенде Украинанын чек арасын мыйзамсыз кесип өттү деп эсептелет", - дейт украиналык юрист.

Ошол эле учурда эмгек мигранттары эл аралык издөөгө алынышы мүмкүн. Укук коргоочулар мигранттарды Украинанын оккупацияланган аймактарына жумушка барбоого чакырып келет.

Ал эми баскынчыларга жардам бергендер Украинанын Кылмыш кодексинин "коллаборациялык ишмердик" беренеси менен жоопко тартылат. Бул берене менен жарандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажырайт.

Жумушчулар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн да айыпталышы мүмкүн. Бул административдик укук бузуу катары каралып, ага айып пул салынат.

Антон Баевдин макаласынын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG