Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Кремлге "кол салуунун" артындагы сыр


Орусия "Кремлге дрондор менен коюлган чабуул артында Кошмо Штаттар турат, Киев аны ишке гана ашырган" деп айыптады. Москва шаршембиге караган түнү болгон соккулар орус презденти Владимир Путинди жок кылууну көздөгөнүн айтууда. Вашингтон жана Киев дооматтарды четке какты.

Украин президенти куралдуу күчтөр өз жерин гана коргоп жатканын, кошуна өлкөнүн аймагын бутага алууну көздөбөгөнүн билдирди.

Москванын айыптоосу, Киев менен Вашингтондун жообу

Ак үй Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Вашингтондун дарегине айтылган айыптоолорун четке какты. MSNBC телеканалынын эфиринде Ак үйдүн расмий өкүлү Жон Кирби Песковдун сөзүн “карандай калп” деп сыпаттады.

Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт
Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

“Биз коомчулук алдында да, жеке сүйлөшүүлөрдө да (украин расмий адамдарына) Украинанын сыртындагы буталарга сокку урууну кубаттабайбыз жана андайга шарт түзбөйбүз деп кайталап келатабыз. АКШнын ал ишке эч кандай тиешеси жок деп ишендире алам”.

4-майдагы брифингде Дмитрий Песков Вашингтон буталарды тандаганын, Украина ал пландарды ишке ашырып жатканын билдирген. Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү тууралуу сөздөрүн далилдеген фактыларды Песков келтирген жок

“Мындай аракеттер, мындай теракттар тууралуу чечимдер Киевде эмес, Вашингтондо кабыл алынат. Киев айтканды аткарат. Көп учурда буталарды да Вашингтон тандап, Киевге аткаруу үчүн тапшырма берерин билебиз. Соккуну кандай курал менен урууну да Украина кээ бир учурларда чечпейт. Биз мындан жакшы кабардарбыз", - деди Песков.

Шаршембиде Москва түн ичинде эки учкучсуз учак президент Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына сокку урууга аракет кылганын билдирген.

Айрым Телеграм-каналдар, анын артынан расмий маалымат каражаттары ошол учур тартылган видеону таратышкан. Орусия сокку аракети үчүн жоопкерчиликти Украинага жүктөгөн. Расмий Киев дооматтарды четке кагып, ал окуяларга тиешеси жоктугун айтууда.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Мен буга чейинки сөздөрүмдү кайталай алам, жок дегенде баарына түшүнүктүү болот деп ойлойм. Биз Путинге же Москвага сокку урбайбыз. Биз өз жерибиз үчүн согушуп, айыл, шаарларыбызды коргоп жатабыз. Өзүңөр билгендей, бизде курал жетишсиз, ошондуктан аны туш келди колдонбойбуз. Курал-жарак тартыш, биз аны каалагандай колдоно албайбыз жана Путинге кол салган жокпуз. Аны трибуналга койдук”, - деп билдирген ошол эле күнү украин президенти Владимир Зеленский.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кремлге ыктымал сокку тууралуу маалыматты бышыктай албасын, орус бийлигинин сөздөрүн күмөн саноо менен кабыл алуу керектигин айткан:

“Фактыларды байкайлы. Аларды билбей туруп комментарийлөө же спекуляция кылуу оңой эмес... Кандай коргонорун, Орусия мыйзамсыз ээлеп алган жерлерин кантип кайтарарын Украина өзү чечет”.

Песков Киев менен Вашингтондун айыптоолорду четке кагуу аракетин “күлкү келтирерлик” деп сыпаттады. Ошондой эле Москванын сокку үчүн өч алуу укугу бар экенин кошумчалады. Песковдун айтымында, Орусиянын бир нече варианты бар, “убактысы келгенде жакшылап таразалап туруп жооп кайтарылат”.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети дрон соккусун Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык теракт катары териштире баштаганын маалымдаган.

Кремль аскерлер жана атайын кызматтар пилотсуз учактарды зыянсыздандыруу үчүн радиолокациялык каражаттарды пайдаланганын, чабуул аракетинен зыян келтирилбегенин билдирди.

Аналитиктердин пикирлери

АКШнын Согушту изилдөө институту (ISW) дрон чабуулу атайлап уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Рейтер агенттиги сөзгө тарткан эксперттердин бири, Жонс Хопкинс университетинин илимий кызматкери Александр Виндман соккуну чабуулдарын актоо үчүн Украинаны террорист деп көргөзүүнү көздөгөн спектакль деп атаган сөздөргө кошулбайт, эмне дегенде орус аскерлери ансыз да украин шаар-кыштактарын аткылап жатышат.

“Орустар Путинге кол салуу аракети деген кептерди Зеленскийдин артынан сая түшүүгө шылтоо катары пайдаланышы ыктымал. Бирок согуш башталгандан бери эле андай аракет көрүп келет. Орусиянын баш кесерлер өңдүү топтору Зеленскийдин өзүн жана үй-бүлөсүн аңдып табууга аракеттенгенин кыйыткан кабарлар көп эле чыгып жүрөт. Демек, бул орус бийлигинин элдин колдоосуна ээ болуу амалы”.

Дагы бир эксперт, Жаңы америкалык коопсуздук борборунун кызматкери Самюэл Бендеттин пикиринде, Украинанын техникалык жактан андай сокку урууга жөндөмдүү дрондору бар. Бирок жабдыктарды Москвага чындап эле Украина жөнөткөнү чын болсо, анда муну Путиндин көзүн тазалоо аракети эмес, орус баш калаасынын коргоону системасынан өтө алабыз деген ишарат катары кабыл алуу зарыл.

Кремль, Москва
Кремль, Москва

“Москванын жүрөгүнө символикалык сокку уруу Орусиянын европалык бөлүгүнүн бардык жери Украинанын чабуулуна туш болушу мүмкүн дегенди көрсөтүүнү көздөйт. 9-майда ал жерде ири Жеңиш парады өтөрүн эске алганда, символикалык мааниси артууда. Бул операцияны балким аскерлер эмес, Орусияга каршы маанадайгы бирөөлөр уюштурган болушу ыктымал. Украин өкмөтү сөзсүз эле андай аракетке батасын берди деп айтууга болбойт”.

РИА Новости кабар агенттиги Путин ал маалда Кремлде эмес, баш калаанын четиндеги Ново-Огарево резиденциясында иштеп жатканын жазды.

Ал арада Европа Биримдигинин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелл “Кремлге сокку урулду” деген дооматты согуштун эскалациясы үчүн шылтоо катары пайдаланбоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG