Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Кыргызстан менен Орусия абадан чогуу коргонуучу система түзөт


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Самарканд, Өзбекстан. 2022-жылдын 15-сентябры.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Самарканд, Өзбекстан. 2022-жылдын 15-сентябры.

Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан.

Расмийлер бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат.

Ратификацияга жеткен долбоор

Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому мекеменин атайын сайтына жарыяланды. Документке Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.

Михаил Мишустин
Михаил Мишустин

“2022-жылдын 16-августунда Москвада кол коюлган “Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын абадагы чабуулдардан коргонуучу аймактык бириккен система түзүү жөнүндө” макулдашуусу жактырылсын жана Мамлекеттик Думага ратификацияга киргизүү үчүн президентке сунушталсын”, – деп жазылган анда Мишустиндин сөзү.

Куду ушул жарлык чыккан тушта – 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефондон сүйлөшкөнү маалым болду. Анда алар жалпы кызматташтык жөнүндө кеп кылышкан.

Арийне, эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин өзү кол койгон.

Андан кийин Орусия менен Кыргызстандын Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин адистеринин катышуусунда жолугушуулар өткөн. Жогоруда белгиленгендей Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов былтыр 15-16-августта Москвада болуп, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен аталган макулдашууга кол коюп, кайткан.

Сергей Шойгу менен Бактыбек Бекболотов баштаган делегациялар. 16-август, 2022-жыл. Москва, Кыргызстан.
Сергей Шойгу менен Бактыбек Бекболотов баштаган делегациялар. 16-август, 2022-жыл. Москва, Кыргызстан.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги да макулдашууну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Кийин ал парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатканы белгилүү болгон. Бирок жалпы палатада ратификация болгон-болбогону тууралуу кабар чыга элек.

Бул боюнча Коргоо министрлигине кайрылып комментарий ала алган жокпуз. Министр Бактыбек Бекболотовго байланышканыбызда, алгач жыйында экенин айтып, ошо бойдон телефонун көтөргөн жок. Ал мурдараак “Азаттыкка” берген кыскача интвервьюсунда буларды айткан эле:

Бактыбек Бекболотов
Бактыбек Бекболотов

“Бирдиктүү аба мейкиндиги долбоору көп жылдан бери пландалып келатат. Ошол долбоордун алкагында Орусиянын президентинин буйругу чыкты. “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы” деген бүгүн эле пайда болгон жок. Көп жылдан бери келаткан долбоор. Эгерде бул ишке ашса, Кыргызстандын абадан коргонуу системасы өзгөрөт. Буйруктун негизинде сүйлөшүүлөр мурда эле башталган. Ал уланат. Ал эми жумушчу топтор болсо иштеп атат”, – деген коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Кезинде орусиялык “Интерфакс” маалымат агенттиги жазгандай, Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орус күчтөрү Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бериши керек болот.

“Бар нерсе юридикалык жактан бекитилип жатат”

Иш жүзүндө абадан коргонуу жаатында Кыргызстан менен Орусия келишими буга чейин эле бар болчу. Болгону ал көп тараптуу деп саналчу. Тагыраагы 1995-жылы 10-февралда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкан соң уюмдан чыгып кеткен.

Ошол себептүү Орусия ар кайсы багыттагы документтерди өнөктөш өлкөлөр менен уюмдан сырткары, жекече да түзө баштаган. Маселен, абадан коргонуу системасын түзүү макулдашуусун 2009-жылы Беларус менен, 2014-жылы Казакстан менен, 2016-жылы Армения менен, 2021-жылы Тажикстан менен түзгөн. КМШдагы башка өлкөлөр менен бул багыттагы документтери белгисиз.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы, экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов маселе жөнүндө буларга токтолду:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

“Биздин чек ара кызматкерлерибиз кургактыктагы чек араны мыкты коргошот, бирок вертикалдуу чек арабыз космоско чейин созулат да. Ошол жакты да кошо кайтарыш керек да. Биздин чек арачыларда кыргын салуучу учактар (истребитель) жок. Ошону үчүн асмандагы чек араны кайтаруу милдети Коргоо министрлигиндеги Абадан коргоо күчтөрүнө берилген. Бирок ал мекемеде деле ракета жана башка техникалык мүмкүнчүлүктөру жок да. Ошондуктан КМШ жана жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ – ОДКБ) сыяктуу уюмдар түзүлүп жатканда, башында ушундай маселелер да эске алынган. Башкача айтканда, майда мамлекеттер бул жагынан Орусиянын жардамын алып турат. Бирок тиги уюмдардын алкагында келишим болгону менен эки тараптуу конкреттүү да макулдашуулар керек да. Алар азыр биздин абадагы чек араны карап, кайтарып жатышкандан кийин аны мыйзамдаштырып, юридикалык бекитип алыш керек. Бул биз үчүн керектүү, биз үчүн зарыл нерсе”.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Кыргызстандын Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасы.
Кыргызстандын Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасы.

Адистер түшүндүргөндөй, Орусия так ушул базалар аркылуу азыр деле Кыргызстандын абадан коргонуу миссиясын аткарып турат.

“Бизде азыр радиолокациялык каражаттар жокко эсе, дээрлик жетишсиз. Орусиянын тиешелүү системасы биздин абадагы чек арабыздын периметрин карап, кайсы учак кирди, кайсы тик учак кайда баратат, тактап, биздин Коргоо министрлигине берип турат. Кыргызстандын Абадан коргоо күчтөрү “буга уруксат бергенбиз, бул белисиз объект” деп, тиешелүү чараларды көрөт. Биргелешкен система түзүлсө, биз алардын радиолокациялык системасына ээн-эркин кире алабыз дегенди түшүндүрбөйт. Бизде мүмкүнчүлүк жок болгондуктан алардын радиолокациялык станциясына кайтартып, тийиштүү маалыматтарын гана алып турабыз дегендей сөз”, – деди Токон Мамытов "Азаттыкка" берген интервьюсунда.

“Оолак болуп турсак болмок”

Орусия абадан биргелешип коргонуу боюнча макулдашууларды башка мамлекеттер менен тынч мезгилдерде кабыл алган болсо, Кыргызстан менен түзүлчү келишим Украинадагы согушка туш келип олтурат.

Орусия Украинаны түрдүү жагдайларга айыптап, былтыр февралда анын аймагына басып кирген. Алгач украиндердин аскердик объектилерин, анын ичинде абадан коргонуучу системаларын толуп талкалап, андан кийин жарандык объектилерине сокку урууда.

Ушундан улам Бишкек менен Москванын макулдашуусу тууралуу былтыр маалымат чыккан учурда эле демилгени сынга алгандар болгон. Саясатчы Мавлян Аскарбеков дале ошондой позицияда:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Биринчиден, мындай сунуш биздин коомчулукта активдүү талкууланышы керек эле. Маселе Жогорку Кеңеште алгач ратификацияга чейин каралып, анан кийин гана старт берилсе туура болмок. Экинчиден, бул сунуштун өзү максатка ылайыксыз болуп турат. Анткени, абадан биргелешип коргонуу келишимин түзүү үчүн мамлекеттердин чек арасы кесилиш керек. Кошуна, чек аралаш болушу шарт. Ал эми Орусия менен Кыргызстандын жалпы чек арасы жок, ортобузда Казакстан бар. Орусия Беларус, Казакстан же башка чектеш мамлекеттер менен аба мейкиндиги бир, бирок бизден алыс да! Бул логикага дагы, стратегиялык түшүнүктөргө да туура келбей жатат. Ошондуктан биздин бийлик башындагылар бул боюнча позициясын ачык айтып, мындан баш тартышы керек. Дүйнөлүк геосаясий оош-кыйыш кырдаалда кандайдыр бир аскердик биримдиктерден, ушундай келишимдерден оолак болуп турганыбыз туура. Орусиянын соңку абалын эске алганда алар түрдүү аракеттерге, түркүн комбинацияларга барышы ыктымал. Жакшысы биз мындай опурталдуу нерселерге жолобой туруубуз шарт”.

Кыргызстандын бийлик башындагылар буга чейин Орусия менен болгон абадан коргонуу боюнча орток система тууралуу билдирүү жаскашкан эмес. Бирок президент Садыр Жапаров да, андан кийинки деңгээлдеги аткаминерлер да өлкө мындан ары өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдай турганын айтып келет.

Быйыл февралда эле Беларус өндүрүшүндөгү модернизацияланган “Печора-2 БМ” мобилдик зениттик-ракеталык комплекси сатып алынып, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнө өткөрүп берилген.

Президенттин басма сөз кызматы техниканы тапшырууга байланыштуу маалымат тараткан учурда, өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай көчмө комплекс сатып алып жатканын кабарлаган. Мындан тышкары, маалыматта айтылгандай, чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар да сатылып алынды.

Тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров эл аралык кырдаал ыкчам өзгөрүп жатканын баса белгилеп, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар акылга сыйбаган масштабдары жана кесепеттери менен мүнөздөлүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров машыгуу операциясын карап жаткан учуру
Президент Садыр Жапаров машыгуу операциясын карап жаткан учуру

“Буга кошумча, маалыматтык согуш жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөш жүргүзүүнүн башка да аскердик ыкмалары басымдуулук кылып жатат. Азыркы түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан дагы күчтөндүрүүнү талап кылууда”, – деген 1-февралда Жапаров.

Кыргыз бийлиги коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-декабрдагы жыйында коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, 2022-жылы 52,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, "Байрактар" учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG