Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Орус депутатынын сунушу: "Тажик батальондору кайда?"


Орусиянын "Сахарово" борборунда борбор азиялык мигранттарды орус армиясы менен келишим түзүүгө чакырган жаңы "ыкмалар" колдонулууда.

"Сахароводо" мигранттарды согушка чакыргандар бар

Москвада "Сахарово" борборунда иштеген тажикстандык мигрант 5-майда айтылган борборго барган. Ал анда иштегендер жумушка уруксат документин берүүдөн мурун өзүнчө кеңсеге чакырып, согушка баруу үчүн акча сунуштаганына күбө болгон.

"Киргиле, "консультация" өткөрөбүз дешти. Кайда кирбе "согушка жөнө" деп үгүт жүргүзөт. Мыйзам боюнча бул "жалданмачылык". Бул берене менен мекениңде камалып кетишиң мүмкүн", - дейт мигрант.

Орусиядагы "Сахароводо" миграция борбору.
Орусиядагы "Сахароводо" миграция борбору.

Тажикстандык укук коргоочу Каримжон Ёров согушта жоготуу көбөйгөнүн, учурда орус бийлиги мобилизациянын жаңы толкунуна камынып жатканын айтты.

"Согуштагы кырдаал өзгөрүп жатат, орустар чабуул койгонду токтотту, оор жоготууларга учурады. Ошондуктан, алар азыр кайра мигранттарды тартууну ойлоно баштады. Мурда согушка тартылгандарга 400 миң рублга чейин сунушталса, азыр 180-200 миңге чейин түшүп кетти. Эми мигранттарды күч менен, акча менен тартып жатышат. Бул болсо орус армиясынын абалы бир топ оорлоп кеткенин далилдейт".

"Озоди" радиосу жазгандай, орус жарандыгы бар тажикстандыктардын канчасы Украинадагы согушка тартылганы жөнүндө расмий статистика жок. Азырынча бир нечеси гана белгилүү. Андан тышкары орус абактарында отуруп, урушка жалданып кеткен 20 чакты тажик жаранынын каза тапканы аныкталган.

Каримжон Ёров.
Каримжон Ёров.

Каримжон Ёров Орусияда улутчулдук күч алганын, андыктан Кремль Украинадагы согушка жергиликтүү эмес чет өлкөлүктөрдү тартууну көздөп жатканын эскертет.

"Мигранттарды согушка тартуунун негизги максаты - түпкүлүктүү калкты, башкача айтканда орустардын коргоп калуу. Байкасаңыз, согуш башталгандан бери орустар азыраак жашаган аймактардан, мисалы Башкырстан, Дагестан, Чувашиядан эл көбүрөөк тартылган. Албетте, максат мигранттарды жок кылуу эмес, орустардын өздөрүн коргоо. Эми диаспоралардан мигранттарды согушка тартууну суранып жатышат", - деди Ёров.

Британ чалгын кызматы: кызматкерлер мечиттерди кыдырып жүрөт

Британ чалгын кызматынын 8-майдагы баяндамасында, Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарынын Украинадагы согушка тартуу аракети күчөгөнү айтылат.

Анда аскер кызматкерлери жана тажик, өзбек тилинде сүйлөгөн миграция кызматкерлери мечиттерди атайын кыдырып, согушка чакырып атканы айтылган.

Баяндаманын авторлору мындай шартта айрым мигранттар согушка барууга мажбур болгонун, алар Орусиянын Украинадагы согушка 400 миң ыктыярчыны тартуу өнөктүгүнүн бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.

Келишим боюнча аскер кызматына чакырылгандарга адегенде бир жолку 2390 доллар, кийин ай сайын 4160 доллар маяна сунушталууда. Ошондой эле Орусиянын жарандыгын алуу үчүн жеңилдетилген "ыкмалар" берилери да айтылууда.

"Тажик батальондору кайда?"

Ал арада Мамдуманын депутаты Михаил Матвеев орус паспортун алган мигранттарды согушка тартууну сунуш кылды. Ал Орусия Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү менен кош жарандык системасынан баш тартууга же кош жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежесин өзгөртүүгө тийиш деп эсептейт.

Михаил Матвеев.
Михаил Матвеев.

6-майда депутат Телеграм-каналына жыл сайын "орто азиялыктардын армиясы, биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алат, бирок майданга жапырт барбайт. Мекен үчүн түпкүлүктүү элдер, биринчи кезекте орус улутундагылар жанын берүүдө", - деп жазды.

Саясатчы мыйзамга ылайык орус жарандыгын алгандар аскер комиссариатында катталууга тийиш экенин эске салды.

"Алар эмне үчүн мобилизация болбойт? Тажик батальондору кайда? Орто азиялыктардын армиясы куралдуу күчтөрдү эмес, такси айдоочуларынын полкторун, короо жыйнагандардын жана куруучулардын дивизияларын толуктап жатат. Жок дегенде окоп жана блиндаж казууга барышпайт", - деди.

Матвеев борбор азиялыктардын согушка тартылбаган себебин иликтөөнү сунуш кылып, мындай кырдаал кош жарандуулук институтунан улам түзүлгөн деп эсептейт.

Эксперттер тажиктердин жапырт орус жарандыгын алуусуна тынчсыздануусун билдиришет. Бул тенденциянын арты кооптуу болушу мүмкүн деп эскертишет. Анткени Москва ал топту өз кызыкчылыгында пайдаланып кетиши ыктымал.

Учурда Орусияга Борбордук Азиядан миллиондогон жумушсуздар агылууда.

Мигранттардын көпчүлүгү Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушка кызыкпаганы менен жүздөгөн же миңдеген адамдар Орусия басып алган украин жерлеринде, негизинен курулуш компанияларына жумушка орношкон.

2022-жылдын февраль айында согуш башталгандан бери Борбор Азиядагы ондогон үй-бүлөлөргө Украинадагы согушта өлгөн туугандарынын сөөгү келди. Алардын айрымдары Орусиянын жарандары, айрымдары чет элдик жалдануучулар болчу. Өлтүрүлгөндөрдүн арасында Орусиянын түрмөлөрүнөн көбүнчө мажбурлап алынып кеткендер да бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG