Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

"Эки оттун ортосунда калдык". Банктарды кооптондурган санкциялар


Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы.

Кыргызстандын банк тармагында санкциялардын алдын алуу аракеттери күчөтүлүүдө. Улуттук банк коммерциялык банктарды санкцияга илинген уюмдар менен кызматташпоого чакырды.

“Бакай Банк” кыргыз банктары “эки оттун ортосунда” калганын билдирүүдө. АКШнын Соода министрлиги Кыргызстандагы “Тро, Я” компаниясын санкция тизмесине киргизгенден бери ишкердик чөйрөдө кооптонуу күч алды. Адистер банктардагы акча которууларды көзөмөлгө алуу татаал экенин айтышууда.

Улуттук банк коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө жолугуп, санкциялар жана кошумча тобокелдиктердин таасири боюнча актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мекеме таркаткан маалыматка ылайык, банктарга санкциялык тизмедеги товарлар жана жактар менен иштешүүдөн оолак болуу сунушу берилген.

“Жолугушууда АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнө карата чектөө чаралары киргизилген учурдан тартып Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирине бөгөт коюу жана банктык корреспонденттик мамилелердин токтоп калуу тобокелдиктерине жол бербөө максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Атап айтканда, Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктарга санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири жөнүндө маалымдап турат жана санкцияларга жол бербөө максатында коммерциялык банктарга OFAC, Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирген товарлар жана жактар менен операцияларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана аларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууну сунуштайт”, - деп айтылат Улуттук банктын сайтында.

Улуттук банктын жолугушуусу менен катар эле “Бакай банкы" да Кыргызстандын банк системасына карата санкциялык тобокелдиктер тууралуу расмий билдирүүсүн жарыялады.

Банк Орусиянын Украинага каршы аскерий агрессиясын колдобой турганын белгилеген. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан менен Орусиянын экономикасы бири-бири менен тыгыз байланышта экенин эске алып, санкциялар учурунда бизнеске таасир эткен жагдайлардан кыйгап өтүү кыйын экенин моюнга алган.

“Теория жүзүндө, Кыргызстан чечкиндүү чечим кабыл алып, Кытайдан кийинки экинчи орунда турган ири экономикалык өнөктөшү менен соода байланыштарынын баарын чорт кесе үзүп салды деп элестетип көрөлү. Анда эмне болот? Кыргызстандын экономикасы саналуу күндөрдө, ашып кетсе бир аптада кыйрап калат. Баалар кескин өсүп, доллардын баасы көзөмөлсүз кетет жана гиперинфляция болот. Кыргызстандын экономикасынын локомотиви – ири жана орто бизнестин көпчүлүк бөлүгү жабылып калат, миңдеген кыргызстандыктар заматта жумуштан кол жууйт жана нан таба албай калат. Мамлекет пайда болгон боштукту толтура албайт, анткени бизнес да чалынат жана өлкө олчойгон карызга батат. Социалдык көйгөйлөр болуп көрбөгөндөй жарылат, анын ичинде кылмыштуулук жана башка көрүнүштөр кескин өсүп кетет”, - деп жазылган “Бакай” банктын билдирүүсүндө.

2022-жылдын соңунда “Бакай Банк” терроризмди каржылоого жана акча каражаттарын адалдоого каршы аракеттенүү боюнча талаптардын аткарылышы, мыйзамдардын сакталышы жаатындагы тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында Lexis Nexis Risk Solutions менен келишим түзгөн.

Бул компаниянын Firco Compliance Link программалык камсыздоосу санкциялык тизмеге кирген адамдар менен уюмдарды автоматтык түрдө аныктап берет. Маалыматтык база Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин, АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын (OFAC), Европа Биримдигинин Тышкы саясий ишмердик кызматынын, Улуу Британиянын Казыналыгынын ж.б. тизмелерин камтыйт.

Адистер Орусия санкциялардан улам үзгүлтүккө учураган логистикалык чынжырчаларын калыбына келтирүү үчүн Казакстан, Кыргызстан өңдүү коңшу өлкөлөрдү колдонуп жаткандыктан, былтыртан бери Борбор Азиянын банк системасында акча которуу көбөйгөнүн айтышууда.

Финансы рыногун талдоочу Арсланбек Кененбаев Орусиянын бекем таасиринде турган Кыргызстан эки оттун ортосунда калып, жабыр тартуу кооптуулугу өсүп баратканын белгилейт.

“Азыр Кыргызстан барскан менен дөңгөчтүн ортосунда калгандай болуп турат. Бир тараптан Орусия менен Евразиялык биримдикте турабыз. Жадагалса салык системабыз бир, мамлекеттин үстүндөгү башкаруу органы бар. Ошондуктан, интеграция абдан күчтүү. Аныгында, биз Орусиянын бир экономикалык субъектиси болуп жатабыз. Баары бир Орусияга абдан күчтүү байланыштабыз. Мындан эч кайда качып бара албайбыз, азырынча Орусиядан эч кайда кете албайбыз. Башка жагынан, Евробиримдик менен АКШдан санкциялар менен басым болуп жатат. Бирок, бул жакта биздин банктар этият болуп иштеши керек. Банктарда каталар боло берет, аларды Улуттук банк менен Финчалгын кызматы карайт. Балким, Кыргызстанга санкцияларды салышы мүмкүн. Бирок, башка тарабынан карасак, Европа менен АКШ биз Орусия менен биримдикте турганыбызды, бизде башка жол жок экенин түшүнөт да”.

Орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин эл аралык коомчулук Орусияга карата катаал санкцияларды салып келет. Мындан улам, эл аралык соода-логистикалык чынжырчалар үзгүлтүккө учураган. Кризистик жагдайда кыргыз банктарынын операциялык кирешеси кескин өсүп келет. Эл аралык акча которуулардан, валюталык операциялардан алынуучу комиссиялардан, чет өлкө валюталарын конвертациялоого кошумча комиссия киргизүү сыяктуу операциялардан түшкөн кирешелер жүздөгөн пайызга өстү. Эксперттер коомчулугу менен саясатчылар банктарды каатчылыктан акча жасаган сүткорлукка айыптап келет.

Финансы иштери боюнча эксперт Кубан Чороев кардарларынын акчасын жеткирип берүү милдетин аткарып жатканы үчүн банктар жоопкерчиликке тартылбашы керек деген пикирде.

“Негизинен тобокелдиктер кыргыз ишканалары Орусиянын ишканалары менен иштегенден эмес, орусиялык компаниялар Кыргызстанда кээ бир ортомчу компанияларды түзүп иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар, тобокелчиликтер ошондон келип чыгат. Маселен, айрым санкциялык товарларды сатып алып, анан Орусияга жеткирүүлөрдү караганда, ошондо негизинен жоопкерчиликти банк системасы тартпашы керек. Банктардын негизги функциясы – алардын акчасын контракттарына карата төлөп берүү. Кандайдыр бир регламенттер болушу мүмкүн. Бирок, ар бир операцияны ошол санкцияга төп келеби же келбейби текшерүү өтө кыйын. Ошондуктан, бул жерде банк системасы ортомчу эле болгондуктан, банктарга санкция салуу туура эмес болуп калат”.

Жыл башынан бери АКШ менен Европа Биримдигинин санкциялар боюнча чабармандары Кыргызстанга кайра-кайра келип Орусияга аскердик максатта колдонулуучу товарларды реэкспорт кылуудан карманууга чакырып келишти.

22-майда АКШнын Соода министрлиги Орусиядагы 69, Армения менен Кыргызстандан бирден компанияны санкциялык тизмеге киргизгенин жарыялады. Чечимде Кыргызстандык “Тро, Я” компаниясы санкцияга “Орусияга киргизилген экспорттук чектөөлөргө туш болгон товарлардын багытын буруу тобокелдигин жаратканы үчүн” кабылганы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG