Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Токмоктогу компания АКШнын санкциясына илинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Кремлге каршы санкцияларды кеңейтип, “кара тизмеге” Орусиянын 69, Армениянын бир жана Кыргызстандан бир ишканасын киргизди.

Батыштын "кара тизмесине" кайсы кыргызстандык компания илинди жана ал эмне менен алектенет?

АКШ койгон жаңы чектөөлөргө көбүнчө Орусиянын аскер күчтөрүнө жардам берүү үчүн колдонула турган буюмдарды чыгарган компаниялар илинген.

Ал компаниялардын арасында авиация үчүн радиобайланыш түзүүчү ПРИМА илимий-өндүрүштүк ишканасы, “Ижевск учкучсуз системалар” илимий-өндүрүштүк бирикмеси, “Стрела”, “Роствертол”, “Пролетарский завод”, “Техмаш”, “Урал” жана башка ондогон ишканалар бар. Булардын арасына Армениянын жана Кыргызстандын бирден ишканалары кошулган.

АКШ мындай чечимди 19-майда, Хиросимада өтүп жаткан "Чоң жетинин" саммити башталган күнү жарыялады.

Санкцияга кыргызстандык кайсы компания кабылды?

АКШнын Каржы министрлиги расмий жарыялаган документинде Кыргызстандын “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илингени айтылды. Документте аталган компания Чүйдүн Токмок шаарында жайгашканы жазылган.

Компания сайтында өнөр жай тармагына тиешелүү телекоммуникация, навигация жаатындагы электрондук жабдууларду ташый турганын көрсөткөн. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, “Тро, Я” 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, жетекчиси Хилоу Насер Исхарович аттуу жаран.

"Азаттыктын" компания менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Жагдайга байланыштуу кыргыз өкмөтү кандай реакция жасары азырынча белгисиз. Экономика жана коммерция министринин орун басары Назар Малаевге кайрылганыбызда иш тыкыр иликтениши керектигин гана айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул кыргызстандык ишкана Орусия Украинага кол салгандан бери АКШнын санкциясына илинген алгачкы учур.

Экономист Азамат Аттокуров кыргызстандык компаниянын санкцияга кабылганы расмий Бишкекке эскертүү болушу мүмкүн экенин айтты:

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

“Америка санкциялар тууралуу мурда эле айтып жүргөн. Кыргызстандын көп компаниялары санкцияга кирген товарларды радионун деталдарын ж.б электроникаларды Дубайдан, Кытайдан реэкспорт кылып келет. Бул нерсе акыры болмок. Дагы беш-алты компания илине турган болсо, Батыш "өзүңөр көзөмөлдөбөйсүңөр" деп бардык жардамды, бюджеттик, эл аралык уюмдардан келип жаткан гранттарды токтотуп коюшу мүмкүн”.

Буга чейин, 14-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек санкцияларга байланыштуу өз эрежелерин сактай турганын билдирген. Бул тууралуу ал Орусиянын “Россия-1” телеканалынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып айткан.

“Ооба, Батыштагы биздин өнөктөштөрүбүз мүмкүн болуучу санкциялар тууралуу айтып жатат. Бирок биз өзүбүздүн эрежелерибизди сактайбыз жана мен эч кандай көйгөйлөрдү көрбөй турам", - деген Кулубаев.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Батыштын санкцияларынан сактануу үчүн өлкөдөгү бажы көзөмөлүн күчөтүү зарыл деген пикирде.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

“Бул бажы кызматынын иши болуш керек. Кандай товар кирип чыгып жатканы тууралуу толук маалыматы болуш керек. Ошонун негизинде Орусияга эмне чыгып жатканын көрсө болот. Бирок бизде мындай нерселер көбүнесе аткезчилик жол менен чыгат. Толук баары мыйзамдуу болуп, бирок адашып калса анда башкача болмок. Азыр билип туруп кылып жаткан иштерди айтуу кыйын”.

Батыш сөз кылган тогуз товар

Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 18-майда Бишкекке келип, бир күндөн кийин журналисттер менен жолукту.

Алар жыйында Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырганын билдирди.

“Тогуз түрдүү товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга экспорт кылбоого чакырабыз. Анткени булардын ичинде көп адамдын өлүмүнө себеп болгон товарлар болушу мүмкүн. Батыш муну тыкыр көзөмөлдөйт. Биз бул тууралуу Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө да айттык, алар мунун кесепетин жакшы билет, туура кабыл алышты”, - деди Алисия Кернс.

Кернс журналисттердин суроолоруна жооп бергени менен сөз болуп жаткан тогуз товардын ичине эмнелер кирерин так айткан жок.

Буга чейин Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасында Москвага чектөөлөрдү бузуп өтүүгө көмөк көрсөтүп жаткан үчүнчү мамлекеттерге да чара көрүшү мүмкүн экенин эскертип келет.

Апрель айында Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид иш сапары менен Кыргызстанга келип, жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолугушканын, Орусиянын санкциялардан кыйгап өтүү аракеттерин алдын алуу боюнча кызматташууну талкуулаганын "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

"Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдө "Кыргызстан санкцияларды айланып өтүүнүн хабы болбойт" деп ишендиришти. Алдыдагы жумаларда, айларда диалогубузду улантабыз. Бул санкциялар кыргыз элине, орус элине каршы багытталган эмес. Бул чаралар согуштун аякташын көздөйт”, - деген ал.

Апрелде санкцияларга байланыштуу Кыргызстанга АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод да келген. Алар кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчилери менен Украинага каршы согуш ачканы үчүн Москвага салынган санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотууга байланыштуу жолугушууларды өткөргөн.

"Биз экспорттун кайсы бөлүгүндө биздин мыйзамдар менен тыюу салынган буюм-тайымдар бар болсо керек деген ойдобуз. Ушул себептен улам биз бул жерге келип, кыргыз өкмөтү, финасылык институттар жана башкалар менен соода-сатык тууралуу соңку маалыматтар эмнени көрсөтөрүн кеңешели деп келдик. Бизди Украинадагы согуш талааларынан табылган орусиялык ракеталардын жана дрондордун санкцияга илинген, белгилүү бир компоненттери чындап тынчсыздандырат. Биз Орусия биздин мыйзамдарды жана көзөмөлдү кыйгап өтүү үчүн Кыргызстандагы, Казакстандагы жана башка жерлердеги компанияларды колдонууга аракет жасабайт деп ишенгибиз келет. Башында айтылгандай, экспорттун кескин көбөйүшү бизди кайсы бир деңгээлде тынчсыздандырат",-деген Аксельрод.

АКШнын өкүлдөрү санкцияга илинген товарлардын тизмесин кыргыз өкмөт өкүлдөрүнө, жеке компанияларга берилгенин белгилешкен.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан да Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товар сатуу 300% чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө көмөктөшпөшү керектигин басма сөз жыйынында айткан.

Мындан көп өтпөй экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азатыкка” интервью берген. Ал Кыргызстан бардык эрежелерди сактап, соода жүргүзүп жатканын, бирок Батыштын санкциясына кабылган товарлар Кыргызстан аркылуу Орусияга өтпөшүнө кепилдик бере албасын айткан.

“Биз өзүбүздүн статистикабызды бергенге даярбыз, бирок силер товарлардын тизмесин бизге беришиңер керек дедик. Кайсыл товарлар кыйыр санкцияга түшүп жатат, балким тиричилик товарларынын эле алкагында жүрүп жаткандыр дедик. Анткени биз мунун негизинде экономикабызга терс таасирин тийгизип албашыбыз керек. Себеби, биздин соодабыз Орусия менен эле өскөн жок. Мисалы, Европанын бир катар мамлекеттери менен 300 пайызга же 38 миң пайызга өсө турган жагдайбыз бар. Анткени санкциялардын арты менен кээ бир мамлекеттер бизден товарларды ташыганга муктаж болуп калды. Биз транзиттик мамлекетпиз”, - деген Амангелдиев.

Өткөн жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Финансы министрлигинин санкциясына илинген товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген.

Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.

XS
SM
MD
LG