Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

FT: Орусиянын айынан кытайлык компаниялар санкцияга туш болушу ыктымал


Еврошаркет Орусияга электроника жөнөткөн кытайлык бир нече компанияга санкция салышы ыктымал. Financial Times (FT) гезити жазганына караганда, биримдик ал фирмалардын продукциясы курал-жарак чыгарууда пайдаланылышы мүмкүн деп эсептейт.

Санкциялардын 11-пакетине кошулушу ыктымал деген 7 компания микрочип, жарым өткөргүчтөр жана башка электрониканы чыгарат. Айрымдары буга чейин АКШнын санкцияларына кабылган. Ошондой эле “кара тизмеге” болжол менен Бириккен Араб Эмираттын эки, Армениянын бир өндүрүүчүсү, ирандык компаниялар кошулат.

Жаңы чектөөлөр кабыл алынса, анда Еврошаркет Орусияны бутага алган санкциялык саясаттын алкагында Кытайдын фирмаларына биринчи жолу чара көргөн болуп калат.

Bloomberg агенттиги 4-майда Евробиримдик Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп атат деп эсептеген үчүнчү өлкөлөргө каршы санкциялык механизмдерди талкуулап жатканын жазган.

Басылманын маалыматына караганда, шаркет мындай чара менен үчүнчү өлкөлөрдүн Орусияга жардам беришин чектөөнү жана Москва колдонушу ыктымал деген соода каналдарын жабууну көздөйт.

Бирок бул чаралар азыркы баскычта Кытайга колдонулары күмөн экени, негизинен Борбор Азияга жана Орусиянын башка жакын кошуналарына каршы багытталары айтылган.

Санкциялардын жаңы топтомун Брюссель 24-февралды, Орусия Украинага басып кирген күндүн бир жылдыгын утурлай кабыл алмак. Бирок Польша жазалоочу чаралар өтө жумшак дегендиктен, аны кабыл алуу создугуп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG