Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады


Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин.
Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин.

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы расмий сапарынын алкагында 7-майда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, тараптар өз ара алака-катышты мындан ары дагы өнүктүрүү маселелерин талкуулаганы жазылган.

"Садыр Жапаров Кыргызстан салттуу түрдө Орусия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Орусия менен тышкы соода жүгүртүүсү рекорддук деңгээлге жетип, үч миллиард АКШ долларынан ашты. Учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү жана ниеттерди эске алуу менен соода жүгүртүүнү жана инвестициялык кызматташууну мындан жогорку деңгээлге чыгаруу толук реалдуу", - деп жазылган маалыматта.

Мамлекеттик Думанын расмий сайтына жарыяланган кабарда Садыр Жапаров жолугушууда "Кыргызстанда орус тилин сактоо саясатынын маанилүүлүгүн белгилени" көрсөтүлгөн. Анда кыргыз мамлекет башчысынын "Мен президент жана укуктардын жана эркиндиктердин гаранты катары бул маселеде бардык манипуляцияларга кескин каршы турам. Орус тили бизде болгон жана боло берет. Ал Конституция менен бекемделген", - деген сөзү берилген.

Кыргызстандын президентинин сайтында бул жолугушууда орус тил маселеси көтөрүлгөнү тууралуу жазылган жок.

Садыр Жапаров Орусияга 7-майда расмий сапар менен барды. Кыргыз президентинин бул сапары Орусия Украинага согуш ачып, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы катаал санкцияларды салган учурга туш келди. Сапардын жүрүшүндө Жапаров орус президенти Владимир Путин менен дагы жолугуп, Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышат. Буга чейин Садыр Жапаров парадга катышкан жалгыз чет өлкөлүк лидер болору айтылган. Бирок соңку күндөрү Кремль тажик президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедовду да чакырганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG