Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Чек ара кызматы "Ак-Жол" бекетиндеги тыгын жөнүндө түшүндүрмө берди


"Ак-Жол " өткөрмө бекети, архивдик сүрөт.
"Ак-Жол " өткөрмө бекети, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетиндеги машиналардын узун тыгыны тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда мындай абал дем алыш күндөрү Казакстан аркылуу башка өлкөгө барып эс алып келгиси келген жарандардын көбөйгөнү менен негизделген.

“Муну менен эле катар эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, жүргүнчү автобустар чек арадан кезексиз өтүп жатканын белгилейбиз. Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн Кыргызстандын Чек ара кызматына сын-дооматы жок. Башка өткөрмө бекеттерде машиналардын тыгыны катталган эмес”,-деп жазылган маалыматта.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.

Кыргыз-казак чек арасында машина тыгындары буга чейин дагы бир канча жолу катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG