Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Бишкектеги жол кырсыгында комага түшкөн окуучу бала өзүнө келди


Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.
Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкектен "Манас" аэропортун көздөй бараткан жолдогу аварияда жабыркап, комага түшкөн окуучу бала өзүнө келди. Бул тууралуу №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов кабарлады. Анын маалымдашынча, азыр ооруканада бир гана бала калды, калгандарынын баары үйүнө чыгарылды.

"Бардыгы болуп ооруканага 27 бала кайрылган. Алардын 24ү бейтапканага жаткырылган. Бир бала реанимацияда болчу. Комада жаткан бала өзүнө келди. Бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Ылдыйкы жаагына операция жасалды. Келаткан жумада жоон санына операция жасалат", - деди Маманов.

Жол кырсыгы 20-апрелде болгон жана анда автобус менен кичи автобус кагылышкан. Чүй милициясы каргашага байланыштуу тергөө иштери башталганын маалымдаган. Анда кырсыкка кабылган эки машина тең убактылуу токтотуучу жайга киргизилгени, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жол кырсыгына кичи автобустун катуу ылдамдыкта жүргөнү себеп болгонун билдирген.

Билим берүү жана илим министрлиги жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары болгонун ырастаган. Автобус балдарды мектепке ташып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG