Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Министр Текебаев Төө-Ашуудагы тоннел быйыл оңдолорун билдирди


Төө-Ашуудагы тоннел. Архивдик сүрөт.
Төө-Ашуудагы тоннел. Архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек-Ош кан жолундагы Төө-Ашуудагы тоннел быйыл оңдолорун билдирди. Ал бул тууралуу 5-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Ушул маселе боюнча абдан көп суроо болуп жатат. Эми билесиздер, Төө-Ашууда аба ырайы суугураак. Күндүн жылышы менен тоннелдин ичине жаңы асфальт төшөлүп, жарыктары алмаштырылып жана башка оңдоо иштери иштери болот. Жолду салганга жараша, сапаттуу салалы. Антпесек, кайра эле убара болобу. Төө-Ашууда каттам да көп, андыктан ишти дыкат аткарууга тапшырма бергем", - деп жазды министр.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын аны "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG