Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Ак-Талаа: Орто-Сырт жайлоосуна кеткен жолду кар күрткүдөн тазалоо уланууда


Ак-Талаа району, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган сүрөт.
Ак-Талаа району, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда Орто-Сырт жайлоосуна кеткен жолду кар күрткүдөн тазалоо уланып жатканын билдирди. Ага ылайык, 6-майда министрликтин райондук бөлүмүнөн төрт адам жол тазалоого чыкты.

Буга чейин калың жааган кардан Ак-Талаада Мелис ашуусу жабылып, Орто-Сырт жайлоосунда алты үй-бүлө мал жандыгы (500 уй, 1500 кой) менен калган. Анда малчыларга 100 түк чөп жеткирилгени кабарланган. ӨКМ ал жерде абал турукташканын, малды ылдый айдап түшүрүүгө зарылчылык жок экенин билдирген.

Нарындын Ат-Башы районунда дагы калың жааган кардан улам тоодогу малчылар кыйынчылыкка кабылганына байланыштуу акимдин буйругу менен 4-майда “өзгөчө кырдаал” жарыяланган.

Синоптиктер Кыргызстанда 2-6-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөрүн, тоолорго кар түшөрүн эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG