Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Казакстанда окуучулардын "Артек" лагерине жөнөтүлүшү талкуу жаратты


"Артек" лагери, архивдик сүрөт.
"Артек" лагери, архивдик сүрөт.

Казакстанда окуучулардын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы "Артек" лагерине жөнөтүлүшү талаш-талкуу жаратты. Мунун алдында Астанадагы "Русский дом" маданий борбору Фейсбуктагы баракчасына көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрү “Артекке” 24 күнгө жөнөтүлгөнүн жазган жана аэропорттон тартылган сүрөт жарыялаган. Маалыматтарга караганда "Артекке" он бала барган.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары окуучулардын аннексияланган аймакка жөнөтүлүшүн, коопсуздук маселеси эске алынбаганын сындап жатат.

Соңку күндөрү Крымда мунай базаларында өрт тутанган учурлар катталды. Расмий Астана Крымдын аннексиясын тааныган эмес.

Өлкөнүн расмий органдары бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Былтыр орус президенти Владимир Путин Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын да ушундай жол менен кошуп алуу ниетин жарыялаган.

Киев жана Батыш аннексияны эч кандай шартта тааныбасын алдын ала эскерткен. Украина Орусия ээлеп алган аймактарын куралдуу күрөш менен кайтарып аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG