Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Туткун айырбаштоо: Украина Орусияга үч учкучту өткөрүп берди


Туткундан бошотулган украин жоокерлери.
Туткундан бошотулган украин жоокерлери.

Украина менен Орусия 6-майда дагы туткундарды айырбаштады. Ага ылайык, үч орусиялык учкуч мекенине кайтарылды. Орусиянын Коргоо министрлиги бул “өтө татаал сүйлөшүү процессинин” негизинде ишке ашканын, туткундардын өмүрүнө коркунуч туулган жагдай болгонун кабарлады. Бирок мындан башка кененирек маалымат берген жок.

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Киев Мариуполду коргогон Улуттук Гвардиянын 45 жоокери туткундан чыгарылганын билдирди.

Буга чейинки туткун алмашуу өткөн айдын аягында болгон. Анын натыйжасында 44 украиналык жана 40 орусиялык аскер мекенине кайтарылган.

Ага чейин Ермак Орусиянын туткунунан 130 жоокер бошотулганын билдирген. Анын алдында 12 жоокерин айырбаштап алган жана алардын арасында оор жараат алган беш аскер болгон.

Март айында Киев Москвага оор жараат алган, жөнөтүүгө мүмкүн болгон бардык туткундарды өткөрүп берген, бирок алардын санын атаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG