Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Кадыров Путинден “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүндү


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, атайын даярдыктагы “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүндү. Анын кат болуп тиркелген кайрылуусу Телеграм-каналына жарыяланды жана Кадыров кат дарегине жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Катта Путинге коргоо министри Сергей Шойгу менен Росгвардиянын башчысы Виктор Золотовго “Ахмат” аскер бөлүгүнө Бахмуттагы “вагнерчилер” ээлеген жерлерди берүү тууралуу буйрук берүү өтүнүчү жазылган.

Буга байланыштуу Кремль азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Орусиядагы "Вагнер" деп аталган жалданма аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин 10-майда анын жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгып кетерин жарыялаган.

Ал согуштагы позицияларын Орусиянын Коргоо министрлигине өткөрүп берерин билдирген. Мындай чечимге ок-дарылардын жетишсиздиги жана оор жоготуулар себеп болгонун белгилеген.

Пригожин буга чейин да Украинанын Бахмут шаарын басып алууга аракеттенип жаткан "вагнерчилерде" курал-жарак жетишсиз экенин айтып чыккан. Украина бул согушта орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

  • “Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.
  • "Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG