Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

"Өлбөс полк" жүрүшүнөн улам 9-майда Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат


Былтыркы "Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек. 9-май, 2022-жыл.
Былтыркы "Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек. 9-май, 2022-жыл.

Бишкекте 9-май күнү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке арналган "Өлбөс полк" жүрүшү болот. Буга байланыштуу борбордук көчөлөр саат 8:00ден 11:00гө чейин автоунаалар үчүн жабык болот.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү жана Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин убактылуу жабылат.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Шаардык мэрия билдиргендей, акция саат 8:00дө, ал эми жүрүш саат 9:00дө башталат. Жүрүш Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен - Түштүк дарбазадан башталып, Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрү менен Фрунзе көчөсүнө - Жеңиш аянтына чейин уланат.

Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшүнөн тышкары митинг-реквием болот. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышат.

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган.

Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган. Кыргызстанда бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон.

Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен 64 адам калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл 9-майда бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учурда Орусияда расмий сапар менен жүрөт. Анын 7-майда башталган сапары Орусия Украинага согуш ачып, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы катаал санкцияларды салган учурга туш келди. Сапардын жүрүшүндө Жапаров орус президенти Владимир Путин менен дагы жолугуп, Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG