Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Англияда "Евровидение" ыр сынагы башталууда


Ливерпуль жарышка даярдык көрүүдө.
Ливерпуль жарышка даярдык көрүүдө.

Европанын булуң-бурчунан келген музыкалык таланттар даңазалуу Битлз тобунун кичи мекени – Ливерпулга чогулду. Жекшембиде 37 катышуучу “Көгүлтүр килемден” басып өттү жана журналисттер, бири-бири менен баарлашты.

Быйыл 67-ирет өткөрүлүп жаткан "Евровидение" ыр жарышын Украинанын атынан Англия кабыл алууда. Уюуштуруучулардын айтымында, Украинанын жана Ливерпулдун маданиятын чагылдырган, аларды бириктирген үч жандуу шоу болот.

Былтыр Туриндеги конкурсту украиналык Калуш Оркестра уткан. Адатта андан кийинки жарыш жеңүүчү өлкөдө өткөрүлөт, бирок Орусиянын кол салуусуна байланыштуу Англияда өтмөй болгон.

9-майда биринчи жарым финал өтмөкчү. 15 катышуучунун арасынан көрөрмандардын добуш берүүсү менен финалга 10 ырчы иргелип алынат. Калган 10 финалист 11-майда тандалат. Ал эми конкурстун быйылкы жеңүүчүсү ишемби, 13-майда белгилүү болот.

Орусия "Евровидениеден» былтыр Украинага басып киргенден кийин четтетилген. Кийин өлкө жарыштын уюштуруучусу - Европанын телерадиоберүү биримдигинен чыккан. Беларус андан бир жыл мурун чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG