Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев 8-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Документти парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталары өткөн аптада кабыл алган. Шайлоонун датасы азырынча жарыялана элек.

Мыйзамда "президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындагандан кийин добуш берүү эки айдын ичинде өтөрү" жазылган.

Мирзиёев парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталарынын башчылары менен жолугушууда калган 3,5 жылдык мөөнөтүнөн баш тартып, жаңы шайлоо дайындаган себебин түшүндүргөн.

"Биздин негизги мыйзамга ылайык, бийликтин бардык бутагы реформа болуп, алардын ортосунда мамилелер жана баланс олуттуу өзгөрүп жатат. Экинчиден, жаңыланган Конституция президенттин, парламенттин, өкмөттүн, министрлердин жана акимдердин алдына чукул саясий, социалдык жана экономикалык тапшырмаларды койду. Үчүнчүдөн, биздин эл бизден бардык тармактарда реформа, өтө актуалдуу жана маанилүү өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Төртүнчүдөн, азыркы кырдаалда, дүйнөдө жана аймакта курч жана татаал процесстер болуп жаткан шартта өнүгүүнүн натыйжалуу жана туура жолун табуу маанилүү маселе болуп калды",-деген Мирзиёев.

Өзбекстанда 30-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу референдум өткөн. Анда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болгон.

Референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG