Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Лейлек: тургундар менен аскерлер аралашкан чыр териштирилип жатат


Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер аралашкан калайман мушташ Аскер прокуратурасында катталып, териштирүү башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов кабарлады. Ал бул окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мушташ турмуштук чырдан, бир-эки адамдын айынан чыкканын, кырдаал жөнгө салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн "Азаттыкка" билдирди.

Мунун алдында социалдык тармактарда Лейлектеги калайман мушташ тартылган видеолор тараган. Журналист Тургунбай Алдакуловдун ырасташынча, мушташ ошол жердеги дүкөнчү менен андан карыз алып жүргөн аскер кызматкерлеринин биринин ортосундагы араздашуудан улам тутанган.

"Ошол жердеги айрым аскерлердин жүрүм-туруму, жергиликтүү тургундарга жасаган мамилесинен улам нааразылык топтолуп калган экен",-деген Алдакулов.

Коргоо министрлиги ага караштуу аскер бөлүктүн жоокерлери аралашкан окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG