Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Транспорт министрлиги: Нарын шаарында быйыл 44 көчө оңдолот


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараткан сүрөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараткан сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Нарын облусундагы жолдордун курулушу менен таанышты. Аталган министрликтин маалымдашынча, ал Нарын аэропортунун учуу тилкесин, шаардын ички жолдорун, Нарын-Баетов жолун куруу иштеринен кабар алды.

"Бариев жолчуларга ишти өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды. Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүн оңдоо каралган. Ал эми Нарын-Баетов жолунун 36 чакырымына асфальт төшөлөт. Учурда бул жерде эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Нарын шаарындагы ички жолдор демөөрчүлөрдүн акчасына оңдолуп жатканын билдирген.

"Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси - демөөрчүлөрдөн чогулган фонд. Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым. Кечээ Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем",- деген президент.

Нарын шаарындагы ички жолдор жана Нарын-Баетов жолу көп жылдардан бери оңдолбогондуктан, жергиликтүү элде нааразылык айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG