Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Кыргыз паспортун алган орус элитасы, Бишкекти тооруган санкция коркунучу


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстандын жарандыгын алган ондогон орусиялыктардын катарында бул өлкөнүн Мамлекеттик Думасынын депутатынын үй-бүлөсү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, спортсмендер, ишкерлер да бар. "Хроники" иликтөө долбоору таап чыккан бул маалыматтан кийин айрымдар Кыргызстан мунун айынан санкцияга илинип калышы мүмкүн экенин айтууда.

"Хроники" иликтөө долбоору кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча жарлыктарын иликтеп отуруп, соңку үч жылда 352 орусиялык кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

Иликтөөчү журналисттер түпкү мекенинин жарандыгын алган кыргыз улутундагыларды бул эсепке кошкон эмес.

Тизмеде жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алган славян тектүүлөргө гана анализ жасалган.

Долбоор Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсебинде 2021-жылдан бери Орусиядан келген 43 киши кыргыз паспортун алган.

Иликтөөдө сөз болгон жарлыкты Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 31-декабрында чыгарган. Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү №417 жарлык тууралуу маалыматта 430 кишинин аты-жөнү кирген.


Өткөн жылдын 31-декабрында жарандык алгандар тизмесинде Орусиянын Мамдумасынын депутаты Юрий Петровдун 33 жаштагы уулу Петров Василий Юрьевич 299чу жана 62 жаштагы жубайы Петрова (Федотова) Ирина Евгеньевна 300чү болуп турганын көрүүгө болот.

Юрий Петров буга чейин Орусияда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттикти жетектеп, "Роснефть" мамлекеттик компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Петровдордон башка кыргыз жарандыгын Петербургдун түштүгүндөгү Шушар шаарчасынын мурдагы жергиликтүү депутаты Роман Мойсеев; Мурино шаарынын депутаттыгына мурдагы талапкер Сергей Кондауров; Петербургдун мурдагы вице-губернатору Игорь Метельскийдин күйөө баласы Владимир Ревенков; TecForce IT компаниясынын жетекчилери Владимир Макаров менен Станислав Соколов; Орусиядагы моторлуу яхталардын дистрибьютору Борис Лашков; ишкер Андрей Белошицкий; отельер Валерия Райц; самбо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Дмитрий Заболотный; бодибилдинг боюнча дүйнө чемпиону Руслан Халецкий да алган.


MediaHub порталынын журналисттери соңку беш жыл ичинде кыргыз жарандыгын алган орусиялыктарды тизмектеп чыгып, өзүнүн иликтөөсүн жарыялаган. Анда журналисттердин назарына жогоруда сөз болгон президенттин №417 жарлыгы түшкөн.

Порталдын журналисти Элвира Султанмурат кызынын айтымында, жарандык алгандардын саны 352ден көп. Маселен, өз мекениндеги мобилизациядан качкандардын 730у эле өткөн жылдын соңунда расмий кыргыз жараны болгон.

Элвира Султанмурат кызы
Элвира Султанмурат кызы

"Орусиянын Avito сайтында "Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөктөшөбүз" деген жарнамалар абдан көп чыкты. Бизди орусиялыктар кандай жолдор менен кыргыз жараны болуп жатат деген суроо кызыктырды. Мындан улам президенттин расмий сайтындагы жарандык берүү тууралуу акыркы беш жылда чыгарган жарлыктарын изилдеп, 23 миңдей кишинин тизмесин түздүк. Кыргызстан, Беларус, Орусия жана Казакстандын ортосундагы жеңилдетилген тартипте жарандык берүү тууралуу келишимге ылайык, Орусиянын 250 жараны 2020-жылдын 31-декабрында кыргыз жараны болгон. Дагы жалпы тартипте алгандардын саны 500гө чукул болду. Ошентип, 2022-жылы баш-аягы орус улутундагы 730 адам кыргыз паспортуна алганын аныктадык".

Журналисттер тизмени андан ары иликтеп көргөндө адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзгөн, ишкерлик менен алектенген, мамлекеттик кызматта иштеген, саясатка аралашкан, колунда бар адамдар алганын көрүшкөн. Алардын айрымдары колуна кыргыз паспорту тие электе эле жаңы жерде бизнес ачууга жетишкен.

Журналист Элвира Султанмурат кызы анткен менен жапырт жарандык берүү тенденциясы көпкө уланбай калышы мүмкүн деген пикирде. Ал буга президент Садыр Жапаровдун жарандык берүү боюнча комиссиянын курамын өзгөрткөнүн мисал келтирди.

"Этникалык кыргыздардын жарандык алуусу үчүн көптөгөн талаптар бар. Алардын бул процедураларды басып өтүшүнө кем дегенде бир жыл кетет. Андан сырткары Кыргызстанда үч жылдан беш жылга чейин туруктуу жашашы керек. Ушул жагдайды эске алганда, орус жарандарынын эки-үч айдын ичинде эле Кыргызстандын паспортун алганы таңкалычтуу. Элдин маанайын эске алганда, келечекте жарандык берүү тартиби бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Жарандык берүү боюнча комиссиянын курамынын өзгөртүлүшү, балким бир эле жарлык менен 200дөн ашык кишиге кыргыз паспортун берген учурларды азайтат".

Буга чейин "Азаттык" “Сколково” фондунун улук вице-президенти, биомедициналык технологиялар кластеринин директору Кирилл Каем, бир кездери Кремль менен тыгыз кызматташкан “Наши” жаштар кыймылынын комиссары Мария Александровна (Дрокова) Бухер, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин экс-депутаты Камил Фергатович Абдуллин, Чувашиядагы “Группа Оргсинтез” компаниясынын башкы директору Ярослав Кузнецов, Благовещенскидеги Asia Import Group компаниясынын ээси Артём Лылык жана башкалар кыргыз жарандыгын алганын жазган.

Эл аралык Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсесинин директору Илья Шуманов орус элитасы үчүн кыргыз жарандыгын алуу башка коңшу мамлекеттерге караганда жеңил экенин айтууда.

Илья Шуманов
Илья Шуманов

"Кыргыз паспортун алып берүү схемасын айрымдар тез эле өздөштүрүп алган. Азыр албетте массалык түрдө паспорт таратуу деген жок. Бирок ошентсе да алып жаткандардын саны көбөйүп баратканын баары көрүп турат. Эң кызыгы Мамлекеттик Думанын депутаттарынын үй-бүлөсү, орусиялык инновациялык борборлордун топ-менежерлери жана ишкерлер кыргыз жараны боло баштады. Алардын финансылык абалын орто же ортодон жогору деп бааласак болот. Ал эми мультимиллионерлер Кыргызстандан башка өлкөлөрдү тандай турганы анык. Кремль муну Бишкек менен талкуулай турган абалга жетип калганы да билине баштады. Кыргыз паспортун орусиялыктардын алып жатканын Батыш Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүү аракети катары баалашы мүмкүн. Маселен, дүйнөнүн канчалаган өлкөлөрү орус жарандарына паспорт берүүдөн баш тартып аткан маалда Кыргызстан тескерисинче аларга жол ачып койду. Мындан улам Бишкектин санкцияга илинүү коркунучу абдан жогору".

Украинадагы кыргыз диаспорасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Таалайбек Сариев орусиялыктардын кыргыз жарандыгын жапырт алуусуна жарандык коом реакция кылышы керектигин белгиледи.

"Кыргызстан менен байланышы жок эле орусиялыктардын кыргыз жарандыгын алып жатышы Бишкекке көйгөй жаратышы мүмкүн. Мисалы, кийин биздин жарандар Европа мамлекеттерине чыга турган болсо, чек арада дыкат текшерүүгө кабылып, анын тек-жайын аныктоо адаттагыдан көп убакытка созулушу ыктымал. Демократиялык жолду тандаган Кыргызстандын активисттери бул маселени ачык айтып, кыргыз бийлигинен орус элитасына паспорт берүүнү токтотууну талап кылышы зарыл".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, соңку 10 айда шенген визасын алуу үчүн кайрылгандардын 15 пайызынын тилеги орундалган эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев буга Кыргызстандын орусиялыктардын өткөн-кеткенин ылгабай эле жарандык берип жатканы себеп экенин айтты.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Тиешелүү органдар кыргыз жарандыгын берүүдө абдан кылдат иш алып барышы керек. Орусия-Украина согушунан улам азыр дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө буга маани берип жатышат. "Орусиянын жарандары силер аркылуу бизге кирип атат" деген шек менен кыргыз паспорту барларга шенген визасын бербей калды. Айрым элчиликтерде 70-80% чейин виза берүүдөн баш тарткан учурлар бар. Алардын арасында белгилүү эле коомдук ишмерлер визага жетпей калган учурларды көрүп атам. Бул бизге тийген кесепеттеринин алгачкылары эле. Санкциялар кире турган болсо, банк системасында да маселелер жаралышы толук ыктымал. Бизден жарандык алып, өнүккөн өлкөлөргө чыгып кетүүнү каалаган орусиялык бай адамдар дагы көбөйөт. Бул биздин жарандар үчүн чоң көйгөй жаратат, себеби Кыргызстандын ондогон жаштары, ишке жарамдуу калкы чет жерлерде иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат. Алар визасыз калса кандай болот? Санкцияга кабылып калсак, экономикалык көйгөйлөр жаралбай койбойт".

Бирок Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Балбак Түлөбаев мындай пикирге кошулбайт. Ал кыргыз жарандыгын алууга арызды мыйзам бузууга барбаган ар бир адам тапшырууга укуктуу деген пикирде.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

"Мыйзам чегинде алып атса, аларга каршы соттун чечими жок болсо эмнеге алганга болбосун? Алардын Кыргызстанга келип мыйзам бузбай жашай турган ниети болсо ала берсин. Эгер ал кишинин мыйзам менен чатагы болсо анда башка кеп".

Орусиялыктардын жарандык алганы тууралуу жаңы иликтөө боюнча кыргыз бийлиги үн ката элек. Бирок, 27-мартта президенттин администрациясы кыргыз жарандыгын алган орусиялыктар тууралуу жарыяланып жаткан маалыматтарга жооп иретинде төмөнкүдөй билдирүү таркаткан.

“Өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталат. Жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар жогорудагы талаптардан өтүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Жарандык алууда эч кимге артыкчылык берилбейт”, - деп жазылган билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын жарандык алуунун тартиби мыйзамдар менен белгиленет. Мыйзамда жалпы тартип жана жеңилдетилген тартип каралган. Жалпы тартипте чет өлкө жараны кыргыз жарандыгына өтүү үчүн Кыргызстандын аймагында беш жылдан кем эмес туруктуу жашашы зарыл. Ал эми качкындар, инвесторлор жана суроо-талапка ээ кесиптин ээлери үчүн үч жылдык мөөнөт да каралган.


Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 1704 киши жарандык алып, 46 адам жарандыктан чыккан. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6 316 адам кыргыз жарандыгын алып, 646сы чыгып кеткен.

Санарип өнүгүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин Жарандык жана миграция бөлүмүнүн башчысы Назгүл Абакова Kaktus Media басылмасына курган маегинде 2022-жылдын тогуз айында Орусиянын 1631 жараны кыргыз жарандыгын алуу үчүн кайрылганын билдирген.

ОsОО kg порталы апрель айында кезектеги отчетун жарыялап, анда 2022-жылы Кыргызстанда эң көп фирмаларды чет элдиктер ачышканы тууралуу жазган.

2022-жылдын февраль айында Орусия Украинага кол салгандан кийин орусиялык ишкерлер менен санарип адистердин жапырт миграциясы башталган. Жай айларында Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк IT-адистерге “санарип көчмөн” макамын ыйгаруу Жобосун иштеп чыккан. Ал макамды алган адистер жана алардын жакын туугандары Кыргызстанда каттоосуз жана жумушка уруксатсыз жайгашып, ишмердик жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG