Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

"Коррупциялык схема иштеп жатат". Ширшов боюнча бийликке сын


Алексей Ширшов жана мамлекеттик ишканалар. Коллаж.
Алексей Ширшов жана мамлекеттик ишканалар. Коллаж.

Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланганын Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айтып чыкты.

Анын айтымында, 13-апрелде ишкананы баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн. Анда казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-консалтинг агенттиги Mega компаниясын (170,3 миллион доллар) 14,6 миллиард сом деп баалаганы белгилүү болгон. Комиссиянын бул бааны туура деп тапкан чечими Министрлер кабинетине жөнөтүлдү.

“Кыскасы, мамлекеттик ишкананын баасы бычылды. Мен комиссиянын мүчөсү катары “каршы” добуш бердим. Бул баасына байланыштуу эмес. Мегакомду сатууда күмөндүү иштерге аралашкан Ширшовдун жакындары жүрөт. Ширшовдун колуна "Мегакомду" карматканы турабыз”, - деди Акаев.

Министрлер кабинети бул тууралуу маалымат бере элек.

Депутат Акаев "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы, энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшов тууралуу эки күн мурун да парламенттеги жыйында маселе көтөргөн. Бул 11-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитети баш прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угуп жатканда айтылды.

Анда “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Ширшов өзүнө иш козголгонуна карабай чет өлкөгө ээн-эркин чыгып, кайра келип жатканын, ал жаңы түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси Евгения Судец менен бирге коррупциялык схемаларды иштетиши мүмкүн экенин белгиледи.

“Судец (Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси-ред.), Алексей Ширшов биригип алып коррупциялык схема иштеп жатат. Сиз ушул маселени алдын алууга күчүңүз жетет. Булар өнүктүрүү банкына “Мегакомду” (“МЕГА” компаниясы-ред.) алып жатканы журналисттик иликтөөдө так жазылган. “Мегакомду” Максим Бакиевдин адамы Алексей Ширшов башкарып жатат, анын жетекчиси Ширшовдун колунда иштеген. Евгения Судец өзүнө 1 млн. сом айлык коюп алыптыр. Бир прокурордун үч жылда иштеп тапканын ал бир айда табат экен. Азыр ККМ (көзөмөл-кассалык аппарат) орнотуп, салык төккүлө деп жатабыз. “Дордойдо” иштеген 200 соодагердин бир айда төккөн салыгын Судец деген айым бир айда алат экен”, - деди Акаев.

Баш прокурор Курманкул Зулушев журналисттик иликтөөдөн кабары жок экенин, депутаттын көтөргөн маселесин карап чыгып жооп берерин айтты.

Депутат белгилеген иликтөөнү “ПолитКлиника” медиасы “МЕГАны” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген аталыш менен 29-мартта жарыялаган.

Анда “МЕГА” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар жана бул иште Максим Бакиев менен байланышы болушу мүмкүн болгон адамдар тууралуу сөз болгон. Кирешелүү ишкана былтыр гана Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экени айтылат.

"Банктын иши жандана элек"

Банктын директорлор кеңешинде төрайым Евгения Судец жана алты мүчөсү бар. Алардын үчөө Жогорку Кеңеш, үчөөнү Министрлер кабинети сунуштайт. Мүчөлөрдүн бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнура Осмонова банктын иши эми гана башталганын, мында Ширшовдун таасири, катышы байкалбаганын айтты.

“Бизге берилген кагаздарын карап, жыйындарына катышып коюп жатам. Штаттык жадыбалын караган жокмун. Бюджетти жалпы эле алып келишкен. Мамлекет тараптан акча бөлүнгөн, бирок иш жанданып кете элек. Кагаздар келүүдө, карап берип жатабыз. Ширшов аралашып жатат деген сөз боюнча, азырынча андай көрүнүш жок”.

Мурдагы орус жараны Евгения Судец буга чейин көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ал бир эле учурда ВТБ банктын улук вице-президентинин кеңешчиси, “ВТБ капиталдын” башкы операциялык директору, “ВТБ капитал”, “ВТБ активдерди жана инвестицияларды башкаруу” жана “ВТБ капитал пенсиялык резерв” сыяктуу банктын түзүмдөрүндө финансылык директор, башкы директордун орун басары жана башкы директор болуп иштеген.

Мындан сырткары, Москва банкында башкы директордун орун басары, финансылык директор, “Россия-2” деген телекоммуникациялык холдингдин жана “Аэропорт альянс” деген нидерланддык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал “ПолитКлиника” басылмасына жаңы түзүлгөн мамлекеттик банкка жетекчи болуу сунушун кыргыз өкмөтү бергенин билдирген.

"МЕГАны" сатуу боюнча так чечим жок"

Иликтөөдө бир учурда “Мегакомдун” (азыркы "МЕГА") 51% акциясына ээлик кылган Eventis Telecom компаниясынын бир ээси Владимир Андросик мамлекеттик банктын жаңы жетекчиси Евгения Судецтин жолдошу болушу мүмкүн деп божомолдогон. Буга 2022-жылы Судец менен бирге кыргыз жарандыгын алган кызы Ольганын фамилиясы Андросик экенин жана алар экөө тең ВТБ банкта жетекчилик кызматта иштегенин далил катары көрсөткөн.

Андросик “Мегакомду” Максим Бакиевге өткөрүп берүүгө “салым кошкон” адам катары белгиленген. Ушул байланыштардан улам басылма “МЕГА” мамлекеттик компаниясы Максим Бакиев менен байланышы бар адамдардын колуна түшүп жатканын айткан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “МЕГАны” сатыла турган мекемелердин катарына кошуп, аны баалоо боюнча иштерди баштаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ишкана жеке жактарга же чет өлкөлүк ишкерлерге эмес, Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтөрү болжонуп жатканын 19-январда Фейсбукка жазган.

Бирок азырынча “МЕГАны” сатуу же кайсы бир мекемеге берүү жөнүндө конкреттүү кадамдар жок экенин Мүлк фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев “Азаттыкка” билдирди.

“МЕГАны” Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берүү боюнча азыр эч кандай резолюция жана башка демилге жок. Сатуу боюнча да маселе жок. Менчиктештирүү программасына гана киргизип койгонбуз. Былтыр, мурдагы жылдары дагы ушундай сөз болуп, бирок конкреттүү резолюция түшкөн эмес. Азыр да сатабыз деген тема жок”.

Маалыматка караганда, “Альфа Телеком” уюк оператору 2022-жылы бюджетке 1 млрд. сомдон ашык пайда алып келди. Ишкананын баасы 12-15 млрд. сомдун тегерегинде болот деген божомолдор бар.

"Ширшов өлкөдөн ээн-эркин чыгып жүрөт"

Жанар Акаев “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго кылмыш иши козголгонуна карабай өлкөндөн ээн-эркин чыгып-кирип жатканына да токтолду.

“Дал ошол Максим Бакиевдин адамдары кадимкидей башкарып жатат. “МЕГАнын” азыркы жетекчиси да мурда Ширшовдун колунда иштеген кадр. Чек ара кызматына кат жөнөтүп маалымат алдым, Алексей Ширшов өлкөдөн кенен-кесир чыгып жүрөт. Ригага, Стамбулга, Москвага, Казакстанга, бүт жакка чыгып, чек арадан өтүп жүрөт. Максим Бакиевдин 200 миллион доллар банкта камакта жаткан акчасын таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот экен деген ой менен келип, ошол акча кайтарыла элек. Иши кылып, сиз Ширшовдун схемаларынан баш прокурор катары алдын албасаңыз, мындан да күчөп кетиши мүмкүн”.

Сго байланыштуу маселе биринчи жолу көтөрүлгөн жок. Парламентте бир нече жолу сөз болуп, “анын келиши менен коррупциялык ири схемаларга жол ачылат” деп чочулаган депутаттар да болгон. Мындай сындар былтыр май айында "Кыргызтелеком", "МЕГА, "Дастан" заводу, "Кыргыз почтасы" жана "Евразия сактык банкы" Санарип өнүктүрүү министрлигине берилгенден кийин да көп айтылган.

Мүлк фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев мамлекеттин мүлкүнүн ээси өкмөт болгону үчүн акционерлерди мыйзам чегинде алмаштырууга укуктуу экенин айтып, мында Ширшовдун карааны көрүнбөгөнүн белгиледи.

Былтыр ноябрда Элдик курултайда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев Ширшовдун маселесин козгогон. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин миллиондогон долларын кайтарууга көмөктөшүү тууралуу убадасын эске салган. Анда энергетика министри Таалайбек Ибраевди "Ширшовдун кадры" деп айыптап, ага убагында кылмыш иши козголгонун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Ширшовду кабыл алып, ортодо Максим Бакиевдин акчасын кайтаруу тууралуу сөз болгонун дагы бир жолу ырастаган. Ал курултайдагы сөзүндө бул каражатты кайтарууга ондогон жылдар кетет деген оюн айткан.

Андан бери Максим Бакиевдин акчасын кайтарууга Ширшов кандай салым кошкону белгисиз. Бул боюнча расмий маалымат айтыла элек.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бийлик репутациясы күмөн жараткан кишилер менен кызматташуудан оолак болушу керек деген ойдо.

"Ширшовдун кандай шылуундуктарды кылып, мамлекеттин мүлкүн, стратегиялык объектилерди сатуунун механизмдерин иштеп чыкканын Максим Бакиевдин учурунда көргөнбүз. Анын "200 млн. доллар алып келип берем, бул ишти бүтүрөм" дегендери толугу менен шылуундук, алдамчылык. Аны менен сүйлөшмөк түгүл, жакындатпаш керек. Ушундайлардын айынан эл арасында бүдөмүк ойлор, нааразылыктар жаралып жатпайбы".

Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерээк комментарий берип, дооматтарды четке каккан.

Ширшов былтыр май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат ондогон батир жана коттеждердин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.

Кийин убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG