Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

"Эл санариптештирүүгө даярбы?" Министрликтин алты айдагы иши


Талантбек Иманов Жогорку Кеңештин алдында "Азаттыктын" кабарчысына комментарий берип жаткан учур.
Талантбек Иманов Жогорку Кеңештин алдында "Азаттыктын" кабарчысына комментарий берип жаткан учур.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жарым жылда жасаган ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Анда ал министрликтин курамына алынып, акциясы ага берилген мамлекеттик ири компанияларды өткөрүп алуу боюнча укуктук кайра уюштуруу иштери жүргөнүн билдирди.

Мындан башка ал калкты, мекеме-ишканаларды жана мамлекеттик башкаруу органдарын санариптештирүүгө өткөрүү иши уланып жатканын айтты. Ал эми ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү ачык-айкындыкты камсыздоочу токтоосуз санариптик платформалар киргизилбей келе жатканын сынга алышууда.

Жаңы министрликтин курамы, санарипттештирүү жараяны

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов мурда өз алдынча мамлекеттик орган болуп келген Мамлекеттик калкты каттоо кызматы, Байланыш агенттиги, "Инфоком" ишканасы, Мамлекеттик архив кызматы министрликтин курамына киргизилгенин билдирди.

Ошондой эле министр алардан сырткары өткөн алты айда Кыргызстандагы эң кирешелүү жана стратегиялык жактан маанилүү "Альфа-Телеком", "Дастан" заводу, "Кыргыз почтасы", "Кыргыз телеком" жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик үлүшү бар ири компанияларды Мамлекеттик мүлк фондунан өткөрүп алып, аларды министрликтин астында укуктук формасы боюнча кайра түзүү иштери жүргөнүн белгиледи.

Талантбек Иманов мындан сырткары мамлекеттик мекеме-уюмдар менен калктын маалыматтарын санарипке өткөрүү долбоорлору уланып жатканын айтты.

Талант Иманов, санариптик өнүгүү министри.
Талант Иманов, санариптик өнүгүү министри.

"Бүгүнкү күнгө карата инфобокстан 4 млн. документ иштелген. Анын ичинен 87% мамлекеттик органдардын документтери. 2020-жылы иштелип чыккан "Санарип-аймак" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын 3 млн. 300 жаранынын, 748 миң үй-чарбасынын жана 484 миң жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтары санариптештирилди. Ошондой эле аз камсыз болгон 235 миң жаран санариптик социалдык паспортко ээ болду. Быйыл жыл башынан бери улуттук стандарттагы QR код менен төлөм системасын иштеп чыгып, Elcat атайын тиркемелерин "РСК банк" аркылуу киргиздик. Бүгүн биз эң негизги үч кызмат көрсөтүүдө - паспорт, нике күбөлүгүн берүүдө жана транспорт үчүн аталган QR код аркылуу төлөп калдык".

"Жасалчу иштер абдан көп"

Ошол эле кезде экономика министринин мурдагы орун басары жеке ишкер Элдар Абакиров жаңы ишканаларды ачууда бизнеске уруксат берүү тутумун жөнөкөйлөштүрүп, санариптештирүүгө өткөрүүдө иш-аракеттер жай жүрүп жатканын белгиледи.

Элдар Абакиров бул багытта жасала турган иштер көп экенин билдирди.

Элдар Абакиров, жеке ишкер, экономика министринин мурдагы орун басары
Элдар Абакиров, жеке ишкер, экономика министринин мурдагы орун басары

"Салык тармагында электрондук документ жүргүзүү негизинен электрондук салык отчетторун кабыл алуу жана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жарым-жартылай иштеп жатат. Бирок милдетүү түрдөгү ар кандай бажы эрежелери, тоо-кен тармагына же ишкердиктин башка бир түрлөрүнө лицензия алуу же ар кандай уруксат алуу 10-20% тегерегинде электрондук негизде ишке ашып жатканын байкоого болот. Бул жерде жасай турган жумуштар аябай көп. Ал эми ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, санариптик негизде тейлөө "бирдиктүү терезе" принциби менен иштебей жатат. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сынактарга же тендерлерге катышууда интернет портал бир топ эле жолго коюлуп, жакшы иштеп баштаган. Бирок мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам өзгөрүп, мамлекеттик мекеме-уюмдарга же ишканаларга бир жактан түз сатып алууларга уруксат берген ченемдин киргизилиши коррупциялык тобокелчиликтерге өбөлгө түзүп койду".

Өкмөттүн 2021-2026-жылга бекитилген санариптик өнүгүү стратегиясына ылайык 2022-жылга карата министрлик тарабынан 94 иш-чараны мерчемдеп, өткөрүү каралган.

Бул үчүн быйылкы жылга мамлекеттик бюджеттен 500 млн. сом бөлүнгөн. Өткөн жарым жылда бөлүнгөн акчанын 491 млн сому чыгымдалганы министрдин отчетунда белгиленди.

Талантбек Иманов жыл соңуна чейин электрондук маалыматтар борборун куруу, архивдик документтерди санарипке өткөрүп, интернет менен камсыздоо жана мамлекеттик органдарда кагаз түрүндө документ жүгүртүүнү жоюп, толук автоматташтыруу жана көп жактуу калкты тейлөө борборлорун өнүктүрүү сыяктуу иштер аткарыларын айтты.

"Инфратүзүм болбосо, иш болбойт"

Ал эми жарандык активист жана блогер Атай Бейшенбек өкмөт жыл сайын эле санариптештирүү демилгесин көтөргөнү менен анын натыйжасы ойдогудай болбой жатканын айтты:

"Бизде деги эле санариптештирүү боюнча абдан көп долбоорлор иштелип чыккан. Мурда "Таза коом" деген долбоордун алкагында улуттук өнөктүк болгон. Анан ошол эле кезде "Түндүк" электрондук тутуму иштелип чыгып, ага бардык мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр кошулган. Канчалаган мамлекеттик мекемелер же ишканалар ачылып, кайра эле жабыла берет. Бирок, мына ошолордон кандайдыр бир жыйынтык болгонун көрө элекпиз. Тилекке каршы элге ыңгайлуу шарттар түзүлбөй келе жатат".

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов толук санариптештирүүнү колго алуу үчүн тиешелүү инфратүзүм жоктугун белгиледи. Ошондуктан ал өксүктөрдү жөнгө салуунун үстүнөн иштей турганын билдирди.

"Биз санариптештирүү министрлигине келип, инвентаризация кылганда анын ичинде тиешелүү инфратүзүмү жок экенин көрдүк. Аймактарда интернет байланышы менен эки миңден ашуун эле калктуу конуш камсыз болуптур. Бул боюнча Дүйнөлүк банктын Кыргызстанда оптика-волокно боюнча долбоорунун 25 млн. долларга каржыланган экинчи компоненти жакында ишке киришип, тендер жарыялап, тиешелүү компанияларды чакырып жатабыз. Анан биздин эл санариптештирүүгө даярбы деген суроого дагы азырынча жооп жок".

Депутаттар шектенген министр

Буга чейин парламентте Талантбек Имановдун талапкерлиги жаңы түзүлгөн санариптик өнүктүрүү министрине көрсөтүлүп жатканда бир катар депутаттар анын бул тармакта адис эместигин жана тажрыйбасы жоктугун белгилешкен. Депутат Нурлан Шакиев Имановдун мурда иштеген жериндеги санариптештирүүгө жасаган мамилесин мисал келтирген болчу.

Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаты
Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаты

"Сиз буга чейин иштеген "Дастан" заводунда санариптештирүү такыр эле жокко эсе экен. Маселен, кызматкерлериңиз маянасын накталай колго алат экен. Айлык акыларды төлөө банк карталарына өтө элек. Эсепканаңыз болсо азыркы күнгө чейин 1С тутумуна өткөрүлбөгөн болуп чыкты. Сиздин ал жактагы ишиңиз талапка жооп бергендей деңгээлде болгон эмес. Анан Сиз мына ошонун бардыгын бир ишканада жасай албай жатып, азыр эми бүтүн өлкөдө санарип иштерин башкарып, алып барганы жатасыз. Сиздин бул тармакта натыйжалуу иш алып барарыңыз абдан чоң күмөн жаратат".

Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер жарым жыл сайын жасаган ишинин жыйынтыгы тууралуу отчет берүүсүн талап кылган. Ишин жөндөй албаган же кемчилик кетирген жетекчилерге токтоосуз түрдө чара көрүлөрү эскертилген болчу.

"Уландан" уурдалган миллиондор изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:33 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG