Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Парламентте "Иманов-Ширшов" маселеси дагы көтөрүлдү


Былтыр "Азаттык" "Иманов-Ширшов" тандеми тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган.
Былтыр "Азаттык" "Иманов-Ширшов" тандеми тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган.

Жогорку Кеңеште санарип өнүктүү министри Талантбек Иманов менен "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы, ириде энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшовдун байланышы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү.

Парламенттин соңку, 2-февралдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өкмөт өкүлүн коррупцияга айыптады. Министрликке берилген маанилүү, кирешелүү ишканалар келечекте сатылып кетерин эскертти.

Министрликтин басма сөз кызматы Иманов менен бул мекемеге айтылган дооматты "каралоо" деп комментарий берди.

Талантбек Иманов тууралуу маселе Жогорку Кеңеште мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда көтөрүлдү. Анда Санарип өнүктүрүү министрлигине былтыр май айында беш акционердик коом, тактап айтканда, "Кыргызтелеком", учурда "МЕГА" деген бренд менен белгилүү "Альфа Телеком", "Дастан" заводу, "Кыргыз почтасы" жана "Евразия сактык банкы" берилгенден кийинки бул ишканалардын абалы сөз болду.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев министр Имановду коррупцияга байланыштуу айыптап, аны Алексей Ширшовдун "көздөй кишиси" катары сыпаттады.

"Санарип өнүктүрүү министрлигине Талант Имановду койдуңар, коррупциялык иштер башталды. Бул Ширшовдун түздөн-түз жетекчилиги менен болуп жатат. Эстеп койгула, ушул беш ишкананын баары сатылат, бардыгы жок болот. Мынакей, 1,5 миллиард сом киреше берген "Кыргызтелеком" Ширшов менен Имановдо. Иманов дегенде Ширшовду түшүнөбүз. Мынакей, "Кыргызпочтасын" бердиңер, эч нерсе өзгөргөн жок. Алты ай өттү, "сынган таштек" бойдон калды", - деди депутат.

Иманов Ширшов менен байланышы тууралуу депутаттын билдирүүсүнө үн ката элек.

Санарип өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы министр менен бул мекеме жөнүндө айтылгандарды каралоо деп атады. Ошондой эле министрликке өткөн айрым ишканалар тууралуу учкай комментарий берди.

"Кыргызтелекомдун" таза кирешеси 1,5 миллиард сом эмес. Бул компаниянын 2018-жылдагы таза кирешеси, 39,4 миллион сом болгон, 2019-жылы чыгаша 21,4 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2020-жылы чыгаша 117,9 миллион сомго жеткен. 2021-жылы киреше 25 миллион сом, ал эми 2022-жылы 55,6 миллион сом болгон". "Кыргыз почтасы" алты айда "сынган таштекке" айланды деген дагы чындыкка дал келбейт. Ишкана министрликке өткөндөн бери бир топ иш жасалып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Парламентитин бул жыйынында депутат Алишер Козуев санарип өнүктүрүү министринин орун басары Абдисамат Сагымбаевден бул ишканалар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан министрликке өткөн себебине кызыкты. Ошондой эле өзгөрүүлөр тууралуу сурап, май айынан бери стратегиясы гана жазылганын сынга алды.

"Азыркы күндө биз стратегиясын иштеп чыктык. Келерки жылдан баштап алардын кирешелерин көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз. Жасап жаткан жумуштарын өзгөрткөн жокпуз. Бул объекттердин Санарип министрлигине өткөнү күндүн талабы деп эсептейм. Дүйнө жүзүндө санариптештирүү жүрүп жатат. Бул жараянды тездетүү максатында жана мамлекеттик ишканаларды жакшы пайдалануу үчүн ушул кадамга бардык. "Кыргыз почтасынын" алкагында элге кызмат көрсөтүү максатыбыз бар. "Кыргызтелекомдун" дагы потенциалын көтөрүү максатында туруп жатабыз. "Дастан" ишканасына байланыштуу бир канча пландарыбыз бар. Алардын арасында Өзбекстан менен чогуу электр эсептегичтерди чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн жана жакында баштайбыз деген ойдобуз", - деди министрдин орун басары.


Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерек комментарий берип, дооматтарды четке каккан.

Өткөн айда социалдык тармактарда Алексей Ширшов, Талантбек Иманов жана энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган адамдар чогуу бараткан сүрөт жарыялаган жана бул кызуу талаш-талкуу жараткан. Ибраев ал сүрөт эски, 10 жыл мурда тартылганын айткан.

Парламентте Санарип өнүктүрүү министрлигиндеги коррупция тууралуу буга чейин дагы сөз болгон. Былтыр декабрда депутат Жусупбек Коргонбай уулу аталган мекеме "коррупцияга эң көп малынганын" айтып чыккан. Министр Иманов депутатка жооп кайтарып, Фейсбуктагы баракчасына депутатты "жалган маалымат таратып жатат" деп айыптаган. Ошондой эле, Иманов эл өкүлү андан жана кызматкерлеринен тааныштарын жумушка орноштурууну талап кылганын билдирип, ал талабын аткаруудан баш тартканын жазган.


Былтыр ноябрда Элдик курултайда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев Ширшовдун маселесин козгогон. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин миллиондогон долларын кайтарууга көмөктөшүү тууралуу убадасын эске салган. Анда энергетика министри Таалайбек Ибраевди "Ширшовдун кадры" деп айыптап, ага убагында кылмыш иши козголгонун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Ширшовду кабыл алып, ортодо Максим Бакиевдин акчасын кайтаруу тууралуу сөз болгонун дагы бир жолу ырастаган. Ал курултайдагы сөзүндө бул каражатты кайтарууга ондогон жылдар кетет деген оюн айткан.

Сапар Аргымбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Ширшовдун президенттердин жана алардын жакындарынын тилин таба алган жөндөмү бар деген оюн айтты:

"Ширшов Акаевдин убагында эски жабдууларды алып келип, аларды жаңы деп берип, кишилерди кызматка койдуртканы үчүн акча алып, ошондой топ түзгөн. Бакиевдин тушунда жогорураак деңгээлге чыгып, чет өлкөгө, казактарга электр энергиясын сатып, "Чакан ГЭСтерди" менчиктештирип, ошол жакта иш кылган. Азыр мунун баары ага өткөн чак болуп калды. Андан дагы жогорку деңгээлге чыгып, инвестиция болобу, башкасы болобу, айтор чечим кабыл алган адамдар менен тил табышып, инвестициялык климат жакка өттү. Ширшов өтө ыңгайлуу фигура болуп турат. Көп нерсенин жолун билет, эбин табат. Керектүү иштердин баарын жасап берет, байланыштары бар. Ал коррупцияга малынган аткаминерлер үчүн абдан керектүү адам".


Ширшов былтыр май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат ондогон батир жана коттеждердин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.

Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG