Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Министр Иманов депутаттын коррупция тууралуу дооматын четке какты


Талант Иманов.
Талант Иманов.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун аталган тармактагы коррупция тууралуу сынына жооп кайтарды. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу депутатты "жалган маалымат таратып жатат" деп айыптады. Ошондой эле, Иманов эл өкүлү андан жана кызматкерлеринен тааныштарын жумушка орноштурууну талап кылганын билдирип, ал талабын аткаруудан баш тартышканын жазды.

Жусупбек Коргонбай уулу министрдин бул билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Ал парламенттин 8-декабрдагы жыйынында бул министрликтеги паракорчулукка байланыштуу маселе көтөргөн жана "коррупцияга эң көп малынган" мекеме катары сыпаттаган.

Ушул жылдын июль айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңештин жыйынында жемкорлук жоюлбай жатканын билдирген. Өкмөт башчы акыркы 30 жылда ар кандай форматта коррупцияга каршы күрөш жүргөнүнө карабай дале болсо анын тамыры кыркылбаганын белгилеген.

Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялаган. Мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшкөн. Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG