Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

ЖК жана Евробиримдик адам укугу менен сөз эркиндигин талкуулады


Кыргызстандан барган делегация.
Кыргызстандан барган делегация.

Брюссел шаарында 8-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова баштаган делегация “Кыргызстан – Европа Биримдиги” аталышындагы парламент аралык кызматташтыктын 14-15-комитетине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга Европа парламентинин депутаты Атидже Алиева-Вели баштаган делегация катышты.

“Мыйзам чыгаруучу органдардын иши боюнча пикир алмашуу болду. Делегациялар адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү, ЖМК эркиндигин камсыздоо, фейктер менен күрөшүү маселелерин талкуулашты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эки тарап кызматташтыктын бардык багыты боюнча сүйлөштү.

Октябрь айынын ортосунда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Анда мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” экени белгиленген.

Демилгечи депутаттардын пикиринде, мыйзамдын азыркы редакциясында карама-каршылыктар жана коррупциялык коркунучтар бар, себеби бардык укуктар арызданган тарапка гана берилип калган жана мамлекеттик органдар анын арызынын негизинде эле сайтты бөгөттөп кое алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG