Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси алмашты


Бакыт Асанов.
Бакыт Асанов.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинин, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси алмашты. Айзада Касмалиеванын ордуна Бакыт Асанов директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Касмалиева бул кызматта 2017-жылдын 1-майынан тарта иштеген. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы кеңсесине бир жылдык мөөнөткө адистик тажрыйба алмашууга барат.

Асанов 2011-жылы октябрда "Азаттыкка" кабарчы болуп келген. Бир жыл эл аралык медиа корпорациянын Прагадагы кеңсесинде адистигин жогорулаткан. 2017-жылдан тарта "Эксперттер талдайт" аналитикалык талкуу программасын алып барат.

2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң кеңири таанылган маалымат ресурстарынын катарына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG