Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Москвада мекендештерин опузалап жүргөн кыргыз жарандары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын Москва шаарында мекендештерин коркутуп, опузалап акча талап кылып жүргөн кыргыз жарандары - уюшкан кылмыш тобунун эки мүчөсү кармалганын кабарлады.

"Алар Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык ишкерлерди коркутуп, акча талап кылуу менен алектенген. Кылмыш чөйрөсүндө "Мырза" деген каймана ат менен таанымал, 36 жаштагы М. уулу Т менен "Роха" деген каймана ысымдуу Х.Р уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин оперативдүү каттоосунда турган. Х.Р аттуу жаранга буга кылмыш иши козголгон. Учурда алардын башка оор кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып, калган шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат ",-деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын апрель айында Санкт-Петербург шаарында мекендештерин тоногон деген шек менен эки кыргыз жараны кармалган.

Орусияда өзүнүн журтташтарын тоногон, опузалаган кыргызстандыктар буга чейин дагы катталган.

Бул өлкөдө иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын расмиий саны бир миллиондон ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG