Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Активист Өндүрүш Токтонасыров өзүнө айып салынганын маалымдады


Өндүрүш Токтонасыров. Архив сүрөт.
Өндүрүш Токтонасыров. Архив сүрөт.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго милиция тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузганы үчүн 3 миң сом айып салганын “Азаттыкка” кабарлады.

Токтонасыровду милиция Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине каршы акция өткөрүү үчүн орус элчилигине баратканда кармап кеткен.

“Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин буздуң деп эскертүү катары 3 миң сом айып салышты. Ал айып негизсиз экенин айтып сотко кайрылам”, - деди Токтонасыров.

Активистти 8-декабрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткени кабарланган. Милициядан бул боюнча такталгандан кийин маалымат берилерин "Азаттыкка" билдиришкен.

Токтонасыров буга чейин Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, бир нече жолу акцияга чыккан.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Ага катышуу үчүн орус президенти Владимир Путин баштаган делегация келди. (TSh)

XS
SM
MD
LG