Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путин келди  


Владимир Путин жана Акылбек Жапаров.
Владимир Путин жана Акылбек Жапаров.

Орусиянын президенти Владимир Путинди “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Путин бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Отурумда биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

8-декабрда президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алып, отурумдун күн тартибин, Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашкан. Ушул күнү ЕАЭБдин жыйынына катышуу үчүн алгачкылардан болуп беларус лидери Александр Лукашенко Кыргызстанга келген.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Орусиялык журналисттер саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазышкан. Бул быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан бери орус президентинин Кыргызстанга биринчи сапары болуп калды.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG