Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

Кыргызстандагы ЖМКны колдогон онлайн-телекөпүрө өтүп жатат


Кыргызстандагы ЖМКны колдогон онлайн-телекөпүрө.
Кыргызстандагы ЖМКны колдогон онлайн-телекөпүрө.

Бишкекте Казакстан, Грузия, Литва, Молдова жана Өзбекстандагы медиа серепчилер катышкан онлайн телекөпүрө өтүп жатат. Иш-чара Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы өткөрүп жатат.

Уюштуруучулар Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканын айтып, маселени чечүүгө эл аралык коомчулуктун көмөгү керек экенин билдиришти. Чет өлкөлүк серепчилер медиа коомчулук биригип, сөз эркиндигин коргоонун тажрыйбасын айтып берүүдө.

1-декабрдан тартып 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк өттү. Акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү болгон.

Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. "Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир катар өлкөлөр “Азаттыктын” сайтынын эки айга жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө, активисттердин камалышына тынчсыздануусун билдирген.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланып, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатат. Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG