Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Бишкектеги мектептердин баары эки күн онлайн окутууга өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу мектептердин баары 9-10-декабрь күндөрү онлайн окутууга өткөнүн кабарлады.

Ага ылайык, мектеп директорлору ата-энелерге бул тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим бул күндөрү шаарда жолдор маал-маалы менен жабылып, коомдук транспорттордун каттамдары чектелгенинен улам кабыл алынды.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны башталат. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары катышат жана учурдагы экономикалык абалды, евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелери талкууланат. Отурумда биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке 9-декабрда келди. Бул анын быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан берки Кыргызстанга биринчи сапары болуп калды.

8-декабрда президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алып, отурумдун күн тартибин, Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана келечегин талкууган. Ушул күнү ЕАЭБдин жыйынына катышуу үчүн алгачкылардан болуп беларус лидери Александр Лукашенко Кыргызстанга келген.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG