Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Жапаров ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо керектигин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай билдирүү жасады. Анда "коррупция өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик органдардын ишине кедергисин тийгизип, мыйзам үстөмдүгү принциптерин алсырата турганы адам укуктарынын сакталышына коркунуч келтирери жана бийликке, сотторго, укук коргоо органдарына ишенимди азайтары" белгилеген. Ошондой эле коррупцияны жоюу багытындагы "баштаган иштер аягына чыгарыларын" жазган.

"Коррупцияны алдын алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлердин жана жакын туугандарынын чыгымдары менен расмий кирешелеринин шайкеш келишине мониторинг жүргүзүү аркылуу каржылык көзөмөл киргизүү зарыл. Паракорчулукка каршы маданиятты калыптандыруу, ага каршы күрөшүүгө коомчулукту катыштыруу, ошондой эле коррупциянын абалы жөнүндө тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коррупцияга каршы стратегияларды жана программаларды кабыл алууда колдонуу артыкчылыктуу усул катары кабыл алынышы кажет! Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кийлигишүүлөрүнөн жана коррупциялык көрүнүштөрдөн коргоо маселелери да олуттуу мааниге ээ",-деп жазылган кайрылууда.

Ушул жылдын июль айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңештин жыйынында жемкорлук жоюлбай жатканын билдирген. Өкмөт башчы акыркы 30 жылда ар кандай форматта коррупцияга каршы күрөш жүргөнүнө карабай дале болсо анын тамыры кыркылбаганын белгилеген.

Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялаган. Мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшкөн. Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG