Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

“Мега” кимдердин көзүн кызартууда?


 “Мега” компаниясынын эн белгиси.
“Мега” компаниясынын эн белгиси.

“ПолитКлиника” медиасы “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жайгдайлар жана бул иште Максим Бакиевге байланышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу иликтөө чыгарды.

Кимдин гана болбосун көзүн кызарткан кирешелүү ишкана былтыр гана Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өткөнү турат. “ПолитКлиника” анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экенин жазды.

“ПолитКлиниканын иликтөөсү

Кыргызстанда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан кийин эле бюджетке эң көп киреше алып келген “Мега” компаниясынын айланасында талкуу күчөдү. “ПолитКлиника” өкмөттүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү долбоорунун алкагында ишкананы Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатууда күмөндүү жагдайлар бар экенин аныктады.

“ПолитКлиника” медиасы “Меганы” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат” деген иликтөө жарыялады. Анда өкмөт 100% ээлик кылган “Мега” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” уюк операторун кайра эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатууда бюджетке бир тыйын пайда түшпөй турганы айтылат.

Иликтөөдө мурдагы “Мегаком” жакында эле “Мега” деп өзгөртүлгөн ишкананын тарыхы, акциялары кантип колдон-колго өткөнү тууралуу баяндалат. Биз анын ичинен Максим Бакиевге байланыштуу бөлүгүнө токтолсок.

“ПолитКлиниканын” маалыматына караганда, 2005-жылы Penwell Business Limited компаниясы “Меганын” негиздөөчүсү “Бимоком ЛТД” ишканасындагы 49% үлүшүн Максим Бакиевге тийиштүү делген Forntek Enterprises Limited’ге өткөрүп берген. Максим Бакиев кол алдында иштеген Алексей Елисеев аркылуу калган 51% алып, “Меганы” толук көзөмөлдөп калган.

Кийин Penwell Business Limited компаниясы “Бакиевдер уюк операторундагы акциясын алдамчылык жана рейдерлик жол менен тартып алган” деп билдирген.

“Владимир Андросик жана Дмитрий Ивантер Eventis Telecom компаниянын ээси болгон. Максим Бакиев “Меганын” 49% үлүшүн Forntek Enterprises Limited’ге мурда эле өткөрүп алган. Владимир Андросик жана Дмитрий Ивантер болсо “Мегадагы” 51% үлүшүн орусиялык ишкер Глеб Огнянниковго (ред: 2008-жылы) сатып жиберген. Кызыгы ишкананын ээси алмашкан учурда Максим Бакиев соттук териштирүү жүргүздүрөт. Анын жыйынтыгы менен “Меганын” 100% үлүшү Максим Бакиевге өтүп кетет. Владимир Андросик жана Дмитрий Ивантер убагында компаниядагы акциясын атайын сатып, ишкананы Максим Бакиевге берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бериши мүмкүн деген ойлор болуп жатат”, - деди “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбек.

“Меганын тарыхы

Редакция “Бимоком ЛТД” кийин “Ысык-Көл инвестициялык банкынан” 80 млн. доллар насыя алып каражатты кайтарбай койгонун, жыйынтыгында сот ишкананы банкка өткөрүү чечимин чыгарганын кошумчалады. Банк “Бимоком ЛТДны” Максим Бакиевдин жакындары ээлик кылган “Рэддито Компани” жана “Грета” ишканасына саткан.

Насыя берилген учурда “Ысык-Көл инвестициялык банкын” президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова жетектеп турган.

Максим Бакиевдин жакын адамы Алексей Елисеев “Альфа Телеком” компаниясын негиздеп, “Рэддито Компани” жана “Гретанын” активдерин сатып алган. 2009-жылы “Бимоком ЛТДнын” лицензиясы жокко чыгарылып, “Альфа Телекомго” өткөн. Жыйынтыгында 2009-жылы Максим Бакиев Алексей Елисеев аркылуу “Мегага” толук ээлик кылып калган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт “Меганын” 49% улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толугу менен мамлекеттин карамагына өтүп, бийлик андан бери ишкананы бир нече жолу сатууга аракет кылды. Ал ушул тапта да уланууда.

Өкмөттүн жообу жана Евгения Судец

Министрлер кабинети “Меганы” былтыр гана түзүлгөн Мамлекеттик өнүгүү банкына сатууну көздөп турат. Анын максаты тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев мындай деди:

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Иликтөө жасап аткандан кийин документтерди да окуш керек да. Документте “Мега” ишканасы Мамлекеттик өнүгүү банкына өтөт деп турат. Бул банк болсо 100% мамлекеттики. Биздин биринчи максат экономиканы акча менен камсыз кылуу. Ошондуктан өкмөт банкты 20 млрд. сомго капитализация кылышы керек. Азыр болсо экономикага акча тартып келүүдө инструменттер жок болуп жатат. Пайызы аз, мөөнөтү узак насыяларды беришибиз зарыл. Аны ишке ашырбасак экономикада жылыш болбойт. “Мега”, алтын болсо актив. Биз активди иштетишибиз керек”.

Мамлекеттик өнүгүү банкын Орусиянын мурдагы жараны Евгения Судец жетектейт. Ал көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Бир эле учурда Евгения Судец ВТБ банктын улук вице-президентинин кеңешчиси, “ВТБ капиталдын” башкы операциялык директору, “ВТБ капитал”, “ВТБ активдерди жана инвестицияларды башкаруу” жана “ВТБ капитал пенсиялык резерв” сыяктуу банктын түзүмдөрүндө финансылык директор, башкы директордун орун басары жана башкы директор болуп иштеген.

Ал мындан сырткары, Москва банкында башкы директордун орун басары, финансылык директор, “Россия-2” деген телекоммуникациялык холдингдин жана “Аэропорт альянс” деген нидерланддык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 18-юлундагы жарлыгы менен ага жана кызы Андросик Ольгага Кыргызстандын жарандыгын берген. Ушул эле жарлык менен Андросик Владимир Иванович да кыргыз жарандыгын алган. “ПолитКлиника” ал Евгения Судецтин жолдошу болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу сөз болуп жаткан адамдар комментарий бере элек.

Владимир Андросик болсо башта айтылгандай убагында “Меганын” 51% ээлик кылган Penwell Business Limited компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

“Бул иштин Максим Бакиев менен кандай тиешеси бар? Эгерде “Мега” приватизация болуп сатыкка чыккан күндө деле акчаны алып башка иштерге салыш керек. Бирок биз ишкананын саткан жокпуз. Евгения Судецтин болсо тажрыйбасын карашыбыз керек. Активди көбөйтүп киреше алып келе турган адамдарды иштетишибиз керек да”, - деди Данияр Амангелдиев.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да буга чейин “Мега” ишканасы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөй турганын, ага Улуттук банк, же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп каларын билдирген.

“Соодалашуу ачык болсун”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев кирешелүү компаниялардын айланасындагы иштер ачык болушу керектигин айтты.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

“Жогорку Кеңештин VI чакырылышында иштеп жатканыбызда өкмөт “Меганы” Улуттук банкка саталы деген демилге менен келген. Мен ага каршы чыккам. Улуттук банктын негизги милдети - акча саясатын жүргүзөт. Ал бир компанияны иштетпеш керек. Эми Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берели деп жатышат. Бул да туура эмес. Анткени буга чейин да “Мегага” окшогон чоң-чоң компаниялар сатылып бийлик алмашкандан кийин кылмыш иштери козголгон фактылар көп. Себеби, биздин өкмөт ачык-айкын тендер өткөрө албайт. Аны эл аралык деңгээлдеги уюмдар гана баалап баасын чыгарышы керек. Ошондо гана кымбат сатылып, ачыктык болот”.

Маалыматка караганда, “Альфа Телеком” уюк оператору 2022-жылы бюджетке 1 млрд. сомдон ашык пайда алып келди. Ишкананын баасы 12-15 млрд. сомдун тегерегинде болот деген божомолдор бар.

Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Максим Бакиев ким?

Максим Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Ал атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катара сыпатталып келген.

Апрель ыңкылабынан соң Максим Бакиевге буга чейин жемкорлук, мамлекеттин каржысына мыйзамсыз ээлик кылуу, киши өмүрүнө кол салууну уюштуруу жана башка оор беренелер боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Лондондон башпаанек тапкан.

Кыргыз бийлиги Максим Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча аракет көргөнү айтылганы менен, андан эч кандай майнап чыкпай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG