Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Шакиевдин сапары, Кремлдин кооптуу кеңеши


Нурланбек Шакиев менен Вячеслав Володин. Москва. 2023-жылдын 25-апрели.
Нурланбек Шакиев менен Вячеслав Володин. Москва. 2023-жылдын 25-апрели.

25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиядагы расмий сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Эки мамлекеттин парламенттеринин басма сөз кызматтары бул маалыматты удаа жарыялады.

Орусия тараткан маалыматка караганда, Вячеслав Володин Кыргызстандан сүйлөшүү учурунда мамлекеттик эгемендикти чыңдоо максатында бир катар маселелерди чечүү зарылдыгын айтып, алардын катарында "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин, ал үчүн Думанын тажрыйбасы молдугун айткан.

Вячеслав Володин "чет элдик агент" жөнүндө мыйзамды козгоду

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячаслав Володин жолугушууда Орусия менен Кыргызстан чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө каршы күрөштү мыйзам жолу менен жөнгө салуу багытында да тажрыйба алмашуусу зарыл экенин айткан.

Ал бул багытта Орусияда натыйжалуу мыйзамдар кабыл алынган деп эсептейт.

“Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде Батыш каржылаган бейөкмөт уюмдар “эгемендикке жана мамлекеттүүлүккө шек келтирүүдө. Бул маселеде Орусиянын бай тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу болот”, - деп билдирген ал.

Нурланбек Шакиев кездешүүдө Володиндин жогоркудай пикирине эмне деп жооп бергени белгисиз.

“Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү талкууланганы” жазылган Жогорку Кеңеш тараткан маалыматта. Нурланбек Шакиев түз аба каттамдарын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына чектөөлөрдү жоюу, чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү сунуштарын берген. Ошондой эле ал “ар кандай себептерден улам Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоону тездетүү маселесин көтөргөн”, - деп айтылат Жогорку Кеңештин кабарында.

Мындан тышкары тараптар парламенттердин кызматташтыгын комитеттер менен биргелешкен комиссиялар аркылуу тереңдетүүнү туура деп тапканы Жогорку Кеңештин билдирүүсүндө белгиленген.

Нурланбек Шакиевге удаа эле президент Садыр Жапаров май айынын башында расмий сапары менен Москвага бармакчы. Ал Владимир Путин менен жолугуп, 9-майда Жеңиш парадына катыша турган болууда. Орусиянын расмий бийлигинин өкүлдөрү президент Жапаров бул ирет парадга катышкан жалгыз чет элдик конок болорун жарыялады.

Өткөн жылы эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түзгөн. Украинадагы согуштан кийин Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бирине айланган. Азыркы тапта Кыргызстандын тышкы соодасынын көп бөлүгүн Орусия түзөт.

Талаштуу мыйзам: Кыргыз бийлигинин аракети

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга аракеттер 2015-жылдан бери эле жүрүп келет. 2016-жылы май айында Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө коюлуп, ага 65 депутат каршы чыгып, 46 депутат гана макул болуп, мыйзам өткөн эмес.

Азыркы чакырылышта бул мыйзамга кайрылуу зарылдыгын депутат Надира Нарматова көтөргөн. Былтыр жыл аягында Министрлер кабинети “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыздоо, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний ишенимин коргоо максатында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө сала турган мыйзам керектиги жазылган.

Президенттин кеңсеси сунуштаган долбоор эл аралык жана жергиликтүү айрым укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган. Ошондон кийин аны кайра иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүлгөн. Алар мыйзам долбоорун 1-июлга чейин коомдук талкууга коюшу керек.

Бир катар эл аралык уюмдар, алардын катарында Human Rights Watch (HRW) уюму бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын укуктарын чектеп, эркин уюмдарга басымды күчөтөт деген билдирүү тараткан.

"Мыйзам Орусиядан көчүрүлгөн"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Орусия Кыргызстанга өрнөк боло турган мамлекет эмес деп эсептейт:

“Орусиянын бул жагынан тажрыйбасы аябагандай чоң, биз аны билебиз. Биздин Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан дагы ошол эле Орусиянын жаман тажрыйбаларын көчүрүп алып жатат. Бийликтер ошого көнүп алган. Украинага кол салып жатат. Өзүнүн жарандык коомун, оппозицияны куугунтуктап, абакка камап, эми Украинага кол салды. Бизге ошонун кереги барбы? Мындай мыйзамдын кереги жок. Аны элдин баары жакшы билет. Бирок, бийлик деген ушундай экен, бийликке ким келсе, аны чыңдоо максатында ар кандай кадамдарга барат экен”.

Динара Ошурахунова азыркы тапта андай мыйзамы жок ансыз деле бейөкмөт уюмдар тийиштүү мамлекеттик мекемелерге отчет тапшырып келатканын кошумчалады.

Bulak.kg редакциясынын башкы редактору Семетей Аманбеков мыйзамды кабыл алуу дүйнө коомчулугунун алдындагы Кыргызстандагы аброюн түшүрөт деген ойдо.

“Биздин тажрыйбаны колдонгула, үйрөнгүлө, дегени алардын биздин мамлекеттин ички ишине түздөн-түз кийлигишүүсү деп ойлойм. Бул бир. Экинчиден, бул мыйзамды кабыл алып, аны активдүү колдонгон мамлекет (Орусия) азыркы тапта дүйнөдө эл аралык санкцияларга кабылып, “суук тумшук” болуп жатат. Биз албетте прогрессивдүү, демократиялык, укуктук жолду тандап, бүткүл дүйнө менен аралашып, прогрессивдүү жол менен дүйнөгө аралашуубуз керек”.

Белгилүү укук коргоочу, Казакстандагы Адам укуктары бюросунун жетекчиси Евгений Жовтис буга чейин "Азаттыкка" берген интервьюсунда Орусия эл аралык изоляцияда калгандан кийин Борбор Азияда Батышка каршы коалиция түзүүгө далалаттанып жатканын белгилеген.

"Чет элдик агент" мыйзамын киргизген Путин, досу, Беларустун жетекчисиндей эле өз өлкөсүндө тазалоолорду жүргүзүп, эми бул ыкманы Борбор Азияга, постсоветтик калган өлкөлөргө да жайылтууну каалайт. Муну менен Батышка регион биздин таасир чөйрөбүздө деп көргөзгүсү бар. Жок дегенде күмөн санатып коюуну, ал өлкөлөрдүн ичиндеги уюмдарды бутага алышсын деген аракет көрүүгө ниеттенет. Мына ушундай саясий технология", - деген Жовтис.

Эске сала кетчү жагдай, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн айрымдарында "чет өлкөлүк агент" мыйзамын кабыл алууга аракет элдик толкундоолорду жараткан. Алсак ушул жылдын март айында Грузиянын бир катар шаарларында демонстрация өткөндөн кийин парламент бул мыйзамды четке кагууга аргасыз болгон.

Орусиянын “чет элдик агенттери” кимдер?

Орусиянын өзүндө "чет өлкөлүк тыңчылар" жөнүндө мыйзам 2022-жылы 29-июнда Мамлекеттик Дума тарабынан кабыл алынган. Анда "чет өлкөлүк агент" деп таанылган адамдардын бир катар укуктарын чектеген беренелер камтылган.

2017-жылы маалымат каражаттарын "чет элдик агент" катары тааныган да мыйзам актылары кабыл алган.

Ага чейин 2012-жылы 20-июлда "чет өлкөлүк тыңчынын" ишин аткарган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам да кабыл алынган.

Орусиянын Юстиция министрлиги аталган мыйзамдардын негизинде тизме түзүп, ага кирген Владимир Путиндин жеке оппоненттери, оппозиционерлер, журналисттер, активисттер, артисттер, актерлор, башка мамлекеттердин бир катар жарандары, өкмөттүк эмес уюмдар, фонддор, маалымат каражаттары, бийликтен башкача ойлонгондор, Кремлдин саясатын колдобогондор “чет өлкөлүк агент” катары таанылып, ишине, жашоосуна, эркиндигине тоскоолдук жасалып келет.

Бул узун тизмеге акыркы бир жылда Путиндин Украинага ачкан “атайын операциясын” колдобогондор да кошулууда, алардын катарында Украинанын жана башка мамлекеттердин алтымыштан ашуун жарандары киргизилген.

Алардын катарында маселен, мындан он күн мурда 25 жылга соттолгон Владимир Кара-Мурза бар. Ага айыптоочулар “Орусия армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан” деген күнөө койду. Орус бийлиги Кара-Мурзаны “чет элдик агенттер” тизмесине өткөн жылы 22-апрелде катташкан.

Ал Орусиядагы укук коргоочуларга, оппозицияга кыянаттык кылган чиновниктерге карата санкция колдонууга жол ачкан “Магнитскийдин тизмеси” деп аталган мыйзамдын АКШ тарабынан кабыл алынышына зор салымын кошкон.

Кара-Мурза 2015-жылы 27-февралда Кремлдин жанында киши колдуу болгон Борис Немцовдун эң жакын санаалаштарынын бири.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG