Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Орусиялык музыкант Макаревич "чет элдик агент" деп таанылды


Андрей Макаревич
Андрей Макаревич

Орусиянын Юстиция министрлиги эстрадалык "Машина времени" тобунун башчысы Андрей Макаревичти маалымат каражаттарына берген комментарийлери үчүн "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Бул тууралуу музыканттын адвокаты Александр Передрук РБК агенттигине маалымады.

"Чет жактан каржылоо болгону аныкталган жок. Бирок ал чет өлкөлүк журналисттерге маек курганы үчүн муну чет жактын таасири деп таанышты. Алар ырчыга пикирин айтуу үчүн шарт түзүп беришкен имиш", - деди адвокат.

Макаревич чет жактан каржыланбаган, бирок "таасирленгени" үчүн чет элдик агент болуп табылган биринчи адам.

Орусияда "чет жактан таасирленген" деп таанылган адамдарды "чет элдик агент" деп таануу боюнча мыйзам 1-декабрдан тартып күчүнө кирет .

Юстиция министрлиги Андрей Макаревичти март айында украиналык журналист Дмитрий Гордонго жана "Дождь" телеканалына курган маеги үчүн "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген. Министрлик Макаревич Телеграм-каналына орус бийлигин согуш кылмышына айыптаган комментарийлерди жазып жүргөнүн белгилөөдө.

26-ноябрга карата Юстиция министрлигинин "чет элдик агент" тизмесине 340тан ашуун адам катталган. Алардын арасында журналисттер, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү бар.

Чет элдик агент деп таанылган киши үч ай сайын жеке эсебиндеги каражат жана жалпыга жазгандары боюнча отчет берип турууга тийиш. Болбосо эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чет элдик агенттер жаңы мыйзам боюнча жашы жете электерге билим берүүгө, коомдук иштерди уюштурууга жана шайлоо комиссияларында мүчө болууга укуксуз. Бул агент даярдаган кандай гана маалымат болбосун, балдарга таратууга тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG