Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Курултайдын экинчи күнү: Жапаров-Ташиев тандемине сын айтылды


Бишкектеги элдик курултай. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкектеги элдик курултай. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Элдик курултайдын экинчи күнүндө Оштун Алай районунан келген делегат Алмаз Жоробаев президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин байланышына токтолду. Мындан улам ал мамлекет башчысына кайрылып, коомчулуктагы айрым сөздөргө көңүл бурууга чакырды.

"Садыр Нургожоевич, сиздин башында айткан "Мен Исхак Раззаковду кумир тутам" деген сөзүңүз бар. Ошол кумириңиздин, Раззаковдун басып өткөн жолун, өмүр баянын анча-мынча, күнүгө бир жолу эстеп коюңуз. Себеби бул жерде эл арасында "биринчи жана экинчи адам" деген сөз пайда болгон. Биринчиси - сиз, экинчиси - Ташиев. Ишенбесеңиз туугандардан сураңыздар. Бул жерде "биринчинин адамдары мындай кылат, экинчинин адамдары тигиндей кылат" деген сөздөр чыгып жатат. Эгер сиз элге кызмат кылып, Кыргызстанды өнүктүрөм десеңиз, ушул нерселерди жакшылап караңыз. Себеби сизди эл, анын ичинде мен дагы аябай жакшы көрөт элек. Бирок менин сүйүүм мурдагыга караганда кайтты. Болгон нерсени айталы", - деди делегат.

Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берген жок.

Өткөн айда ал "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берген. Анда УКМКнын төрагасы менен бийликте бирге болорун, аларды араздаштыргысы келген топтор бардыгын, экөөнүн ортосунда келишпестик жокутугун айткан.

"Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм. Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат. Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", - деген Жапаров.

Соңку кездери Камчыбек Ташиевдин айрым билдирүүлөрү, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөздөрү жана аракеттери коомчулукта талкуу жаратып келет.

Парламенттин соңку жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген эл өкүлдөрүнө кысым, куугунтук башталганын билдирген жана буга байланыштуу Камчыбек Ташиевдин атын атаган. УКМКнын төрагасы ошол жерден дооматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG