Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Украина ЕККУнун Парламенттик ассамблеясына бойкот жарыялайт


Украин делегациясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына Орусияны мүчөлүктөн чыгармайынча бойкот жарыялоону чечти. Украин делегат Евгения Кравчук ЕККУнун парламенттик ассамблеясы орусиялык өкүлдөрдү мүчөлүктөн чыгаруу боюнча эрежелерди өзгөртө албаганын билдирди.

"Биз, украиналык делегация бул эл аралык уюм орусиялыктарга мамилесин өзгөртмөйүнчө, Парламенттик ассамблеянын ишине катышпайбыз", - деп жазды ал.

Бир күн мурун украиналык делегация ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын регламентине Орусиянын укуктарын жокко чыгаруучу өзгөртүүлөрдү сунуштаган.

Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский да Европадагы коопсуздукка жана кызматташтыкка жооп берген уюмдан Орусияны чыгарууга чакырган.

ЕККУга 57 өлкө мүчө. Анын катарында быйыл февралда Украинага басып кирген Орусия да бар.

Бүгүн, 26-ноябрда ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын Варшавада өтүп жаткан 20-отурумунун акыркы күнү. Орусиялык делегацияга Польша виза бербей койгон. Польшанын делегаты Барбара Бартус отурумга орусиялыктарды катыштыруу "Украина менен тилектештик принциптерин бузмак" деди.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салды. Бул аралыктан бери 30 чакты эл аралык уюм Орусияны мүчөлүгүнөн чыгарды. Алардын арасында БУУнун адам укугу кеңеши, Дүйнөлүк туризм уюму, Европа кеңеши жана Эл аралык газ союзу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG