Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Курултай: Садыр Жапаров мектеп, бала бакча маселесин көтөрбөөнү суранды


Бишкекте элдик курултай 25-ноябрда башталган.
Бишкекте элдик курултай 25-ноябрда башталган.

Бишкекте элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров сүйлөй турган делегаттарга кайрылып, мектеп жана бала бакча маселесин көтөрбөөнү суранды. Аларды башка олуттуу көйгөйлөргө көңүл буруп, бул багытта сунуш берүүгө чакырды.

"Кечээ сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү, спорт комплекстери тууралуу суранышты. Бүгүн сөз алгандар башка орчундуу проблемаларды айтып, сунушунарды берсеңер. Мектеп менен бала бакчалар биздин көңүл чордонубузда турган маселе. Биз кайсы айылдын мектебин жаңыртуу керектигин билебиз. Мен келгенде 240 айылда мектеп жараксыз болчу. Аларды чекесинен бүткөрүп отуруп, азыр 200 мектеп калды. Силер айтып жаткан мектептер ошол айылдардын ичине кирет. Бюджетибиз көтөрө алса бир жылда 200 мектепти бир эле салып салат элек. Бирок көтөрө албайт экен. Жакынкы эки-үч жылда мектеп деген проблеманы бүтүрөбүз. Бала бакчаларды дагы, маданият үйлөрдү дагы билебиз. Ошондуктан убактыңыздарды бул маселелерге коротпой, башка теманы айтып, сунуштарды берсеңиздер",-деди Жапаров.

Бишкекте 25-ноябрда миңден ашык делегат катышкан элдик курултай башталган. Анын биринчи күнүндө бийлик башчылары өлкөдөгү экономикалык-социалдык кырдаал, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берген. Чыгып сүйлөгөн делегаттардын дээрлик баары өз аймактарындагы социалдык көйгөйлөрдү сөз кылган.

Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ал ошол күнү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу “бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин” билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. Бирок ал мыйзам убагында кабыл алынбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG