Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Румыния, Ирландия жана Молдова "Голодоморду" геноцид деп тааныды


"Голодомор" курмандыктарын эскерген митинг. Украина, 2013-жыл.
"Голодомор" курмандыктарын эскерген митинг. Украина, 2013-жыл.

Ирландиянын Сенаты жана Молдова менен Румыниянын парламенттери 1932-33-жылдардагы ачарчылык - "Голодоморду" украин элине карата геноцид деп таануу резолюциясын кабыл алды. Ушундай эле резолюция учурда Германиянын Бундестагында каралып жатат. Ал 30-ноябрда кабыл алынышы мүмкүн.

АКШ мындай резолюцияны 2018-жылы, Чехия 2022-жылдын апрелинде кабыл алган.

16 жыл илгери Украинанын Жогорку Радасы 1932–33-жылдардагы "Голодоморду" украин элине каршы "геноцид" катары тааныган.

Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы совет бийлигинин катаал саясатынан улам миллиондогон адам ачарчылыктан набыт болушкан. Өкмөт украиналык дыйкандардын түшүмүн жана азык-түлүгүн тартып алып, жамааттык чарбаларга кирүүгө мажбурлаган. Анын кесепетинен 3-7 миллион адам кырылганы айтылып жүрөт.

Украинада жыл сайын ноябрдын төртүнчү ишембисинде ошол кезде жашоо менен кош айтышкандар эскерилет.

Ал эми орусиялыктар мындай ачарчылык Волга боюнда, Казакстанда жана башка советтик аймактарда да орун алгандыгын белгилешет.

Казакстандагы ачарчылыктын айынан жүз миңдеген казактар Кытайга, Кыргызстанга, ал түгүл Ирандын чыгышына чейин качууга мажбур болушкан. Кыргыз АССРинин бийлиги жана калайыгы бозгун казактарга кайрымдуулук көмөк көрсөткөнү маалым.

Борбор Азия өлкөлөрүндө КГБнын ушул кайгылуу доор тууралуу мурдатан жашырылып келген маалыматтары дагы эле толук ачыкка чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG