Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Forbes: Орусия жылдык бюджетинин төрттөн бирин согушка жумшады


Орусиянын желегинин элесин түтүн менен чачып бараткан учактар..
Орусиянын желегинин элесин түтүн менен чачып бараткан учактар..

Forbes журналынын маалыматына караганда, Орусия Украинадагы согушка 82 миллиард долларга жакын акча коротту. Бул каражат өлкөнүн жылдык бюджетинин төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Анын 14 миллиард доллары Украинага ракета менен сокку урууга жумшалган. Эсептөөлөргө ылайык, орус аскерлеринин чабуулу башталган 24-февралдан бери Украинанын аймагына 4 миңден ашык ракета атылган, алардын ар биринин орточо баасы 3 миллион доллар.

Артиллериялык курал-жарактарды жеткирүүгө 6,6 миллиард доллардай, аскерлерге 15,6 миллиард доллар маяна төлөнгөн. Согуш учурунда Орусия 20,8 миллиард долларлык аскердик техникасын жоготкон.

Батыштык аскер эксперттери Орусиянын ракета запасы түгөнүп баратканын белгилешүүдө. Бирок алардын айтымында, Украинанын аймагына дагы кеминде 3-4 жолу жапырт аткылоого жете турган ракета калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG