Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Нидерланд парламенти Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" деп тааныды


Нидерланд желеги
Нидерланд желеги

Нидерланд парламентинин Өкүлдөр палатасы Украинага басып киргенине байланыштуу Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" деп жарыялады. Бул тууралуу NRC агенттиги билдирди.

Мындай чечим 24-ноябрда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Демилге "Солчул жашылдар" партиясынын өкүлү Том ван дер Лиге таандык.

Нидерланддын тышкы иштер министри Вопке Хукстра өлкөнүн мыйзамдарында "терроризмдин демөөрчүсү" деп таанылгандарга эч кандай санкция каралбаганын түшүндүрдү.

Буга чейин ушундай эле резолюцияны Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы, Эстония, Латвия, Литва, Польша жана Чехиянын парламенттери Орусиянын режимин террордук деп тааныган.

21-ноябрда Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) бардык мүчөлөрүн Орусиянын азыркы режимин террордук деп таанууга чакырган.

АКШ администрациясы октябрда Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" катары таанууну колдоого даяр эместигин билдирген.

Орусия өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG