Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Тилек Токтогазиев коомчулукту демократия үчүн күрөшүүгө чакырды


Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

Мурдагы айыл чарба министри, ишкер Тилек Токтогазиев Бишкекте өткөн сөз эркиндигин колдоо жөө жүрүшүндө коомчулукту демократия үчүн күрөшүүгө чакырды.

“Жарык караңгылыкты жеңет. Силердей активисттер бар үчүн өлкөдө демократия өлбөйт. Биз демократия, эркиндик, сөз эркиндиги үчүн аягына чейин күрөшүшүбүз керек”, - деди ал.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүш өттү. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти. Ушундай эле акция Ош шаарындагы дагы өттү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. "Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат. Бир нече эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG