Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Али Токтакунов бийлик өкүлдөрүн журналисттер менен жолугууга чакырды


Сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш
Сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш

Бишкекте өтүп жаткан сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүштө иликтөөчү журналист Али Токтакунов Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын кескин айыптап, өлкө жетекчилерин сөз эркиндигине карата кысымды токтотууга чакырды. Токтакунов бийлик өкүлдөрүн коррупцияны иликтеген журналисттер менен жолугууга чакырды.

“Өлкөдөн чыгарып жибереби, камайбы, башка кылабы биздин иликтөөлөр уланат. Анткени журналисттердин иши коомдун санитары. Мен буга чейин сунуштагам, азыр дагы сунуштайм. Бийлик иликтөө жасаган журналисттерди үч ай сайын кабыл алып, жасаган материалдарды айтып беригиле десе, жакшы болмок. Анткени биз бийликтин тарапташы дагы эмес, оппозиция дагы эмес болгону чындыкты айткан бейтарап адамдарбыз”, - деди Токтакунов.

Бүгүн 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өтүүдө. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. "Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат.

Ири эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG