Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Мирзиёев Кыргызстанга декабрда келет


Шавкат Мирзиёев Индия-Борбор Азия саммитинде. Январь, 2022-жыл.
Шавкат Мирзиёев Индия-Борбор Азия саммитинде. Январь, 2022-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга декабрь айында келет. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын сайтында жазылды.

24-ноябрда чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери Шавкат Мирзиёевге ишеним грамоталарын тапшырган учурда анын Бишкекке сапары тууралуу сөз болду.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Мирзиёев алдыдагы сапарды талкуулашты. Өзбек президенти чек ара боюнча макулдашууларды "эки өлкө ортосундагы болуп көрбөгөндөй жетишкендик" деп сыпаттап, бардык маселелер өз убагында чечилип жатканын айтты.

Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери буга чейин кабарланган, бирок датасы айтыла элек болчу. Бишкек бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ноябрда эки өлкөнүн парламенттери өзбек-кыргыз чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычынын жерине байланыштуу эки мыйзам долбоорун жактырган.

Бул мыйзам долбоорлорунун түрдүүчө чечмелениши Кыргызстандагы жарандык коомдун нааразычылыгын жараткан. Ага каршы чыккан 30га жакын активист жана саясатчылар камакка алынган.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга акыркы жолу июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин консультативдик жолугушуусуна келген.

Өзбек тараптын расмий маалыматына ылайык, 2022-жылдын башынан бери эки өлкөнүн товар алмашуусу 30% ашып, 1 миллиард долларга жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG