Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өтүүдө


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Бүгүн 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өтүүдө. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти.

Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Улуттук филармонияга чейин жөө барууну, акцияны ошол жактагы Журналисттер аллеясынан жыйынтыктоону көздөп жатышканын модератор Касиет Мамырбай билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. "Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат.

Ири эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирүүдө.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай сайттын бөгөттөлүшүнө байланыштуу билдирүү жасап, “журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети - Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айткан. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир катар өлкөлөр “Азаттыктын” сайтынын эки айга жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген.

"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң кеңири таанылган маалымат ресурстарынын катарына кирет. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG