Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кытай полициясы iPhone заводундагы нааразылыкты күч менен басты


Полиция кызматкерлери медициналык коргонуу кийимин кийип алышкан.
Полиция кызматкерлери медициналык коргонуу кийимин кийип алышкан.

Кытайдын Чженчжоу шаарындагы Apple смартфондорун өндүргөн ири заводдо жумушчулар менен полиция кагылышты. Айлыктын аздыгына жана эмгек шарттарынын начардыгына даттанган жумушчулардын нааразылыгын тартип сакчылары күч менен басты.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган тасмаларда жүздөгөн жумушчу полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Нааразылыктар 22-ноябрда эртең менен башталган. Жумушчулар Apple корпорациясынын туунду жалдануучусу эсептелген Foxconn компаниясынын жетекчилигине нааразылык билдиришкен. Алардын айтымында, компания жумушчуларга ишке алып жатканда убада кылгандай эки ай үчүн 25 миң юандан (3,5 миң доллар) төлөп берген эмес. 24-ноябрда компания эмгек акыны төлөп берүүдөгү башаламандыкка "техникалык ката" себеп болгонун билдирип, жумушчулардан кечирим сурады.

Жумушчулар мындан тышкары COVID-19 жуктуруп алган кызматкерлер башкалардан изоляцияланбай жатканына нааразы болушкан. Foxconn бул маалыматты четке какты.

Күн мурун Кытайда бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны боюнча эң көп бейтап – 31 700 учур катталды. Алардын 87 пайызында оорунун белгилери болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG