Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Твиттердеги бөгөттөлгөн аккаунттар калыбына келтирилет


Илон Маск жана Твиттердин эн белгиси.
Илон Маск жана Твиттердин эн белгиси.

Twitter келерки аптада бөгөттөлгөн аккаунттарды кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу компаниянын башчысы Илон Маск билдирип, бирок ал мыйзам бузгандарга жана спам таратуучуларга колдонулбай турганын айтты.

20-ноябрда Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчасын калыбына келтирген.

Дональд Трамптын Facebook, Instagram жана Twitter түйүндөрүндөгү баракчалары 2021-жылы январда бөгөттөлгөн.

SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск Twitter түйүнүн 28-октябрда 44 миллиард долларга сатып алган.

7-ноябрда БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Волкер Тюрк Илон Маскка кайрылып, Твиттерди башкарууда адам укуктары негизги орунда болушу керектигин айткан.

Илон Маск Твиттерди сатып алып, андагы кызматкерлердин дээрлик жарымын – 3700үн иштен алган. Bloomberg агенттиги кабарлагандай, кызматкерлердин бир бөлүгү иштен кеткенин электрондук почтасына келген каттан билсе, көпчүлүгү корпоративдик системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгандан кийин түшүнүшкөн.

Бир нече күндөн кийин Bloomberg Twitter жетекчилиги кызматтан бошотулган айрым кызматкерлерди кайра ишке чакырганын жазган. Жетекчилик айрым кыскартуулар ката болгонун мойнуна алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG