Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Курултайда Кыргызстан-АКШ жаңы келишими боюнча маселе көтөрүлдү


АКШ менен Кыргызстандын туулары.
АКШ менен Кыргызстандын туулары.

26-ноябрда Бишкекте Элдик курултайдын экинчи күнүндө Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын жаңы келишими тууралуу маселе көтөрүлдү. АКШдан шайланып келген делегат Бакай Оморов эки өлкөнүн ортосунда келишимдин жоктугунан элчиликтин жасаган иштери текке кетип жатканын айтты.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Быйыл май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келген. Анда кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” айтып берип, “Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз” деп айткан.

Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Бактыбек Аманбаев сентябрда келишим боюнча иш жүрүп жатканын маалымдаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG